Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Базар-Коргондо “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун төрт мүчөсү кармалды


"Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмуна таандык адабияттар. Сүрөт УКМКга таандык. Иллюстрациялык сүрөт.
"Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмуна таандык адабияттар. Сүрөт УКМКга таандык. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир-ал-Ислами” диний экстремисттик уюмунун Базар-Коргондогу активдүү мүчөлөрү К.М.И., И.М.М., Н.М.К. жана Х.Я.A. кармалды.

Кармалгандар “Хизб ут-Тахрир-ал-Ислами” уюмунун экстремисттик идеологиясын жарыялоо жана жайылтуу, катарына жаңы адамдарды азгыруу менен алектенген.

Алардын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда “Хизб ут-Тахрир-ал-Ислами” уюмуна тиешелүү диний-экстремисттик адабияттар жана баракчалар табылган. Алынган материалдардын негизинде соттук-диний экспертиза дайындалды.

Кармалгандар УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын тергөө абагына камалды.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматында, Кыргызстанда 21 уюм деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик деп табылып, соттун чечими менен өлкө аймагында ишмердигине тыюу салынган. Алардын катарында "Хизб ут-Тахрир" уюму да бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG