Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:11

21-октябрдын аба ырайы


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 21-октябрда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндуз 15…20 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 20…22 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG