Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:45

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын бөгөт чарасын кароо 25-октябрга калды


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулардын айрымдары. Бишкек. 2023-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулардын айрымдары. Бишкек. 2023-жыл.

Кемпир-Абад иши боюнча камалган 11 адамдын бөгөт чарасын кароо жараяны бүгүн 19-октябрда болбой калды. Бишкек шаардык сотунда электр жарыгы өчүп калганына байланыштуу айыпталуучулар сотко алып келинген жок. Бул тууралуу айыпталуучулар Равшан Жээнбеков менен Марат Баязовдун адвокаты Эркин Саданбеков билдирди.

Анын айтымында, соттук отурум 25-октябрга жылды.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, камакка алынган 11 кишинин бөгөт чарасын Бишкек шаардык соту жабык кароодо.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 27 саясатчы, активист былтыр октябрда камалган. Ушу тапта алардын 11и тергөө абагында отурат. Алардын камакта калуу мөөнөтүн Биринчи Май райондук соту узартып келет.

Калган 26 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан. Иш сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ага “жашыруун” грифин койгон. Ушундан улам сот жабык өтүп жатат.

Милиция камалгандарга “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG