Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:48

Бишкекте бир нече имаратка бомба коюлганы тууралуу кабар такталган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы борбор калаадагы бир катар мамлекеттик мекемелерге жана соода борборлоруна бомба коюлганы тууралуу маалымат такталбаганын билдирди.

19-октябрда Жогорку Соттун, Ленин, Биринчи Май жана Октябрь райондук сотторунун, Санарип өнүктүрүү министрлигинин имаратына, “Азия Молл”, “Айчүрөк” соода борборуна бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Маалыматта айтылган имараттарды милиция кызматкерлери курчоого алып, кинологдор текшерүү иштерин жүргүзгөн.

Шаардык милиция келген билдирүү журналга катталып, Улуттук коопсуздук комитетине өткөрүп берилерин билдирди.

Кечээ 18-октябрда №61, ERUDITE ISIT жана “Газпром” мектептерине бомба коюлганы айтылып, ал маалымат такталган эмес.

Мындай маалымат Бишкекте быйыл жазында жана жайында да көп тарап, алардын баары тең жалган болуп чыккан.

Маселе Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлүп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары Айбек Шаменов бомба тууралуу электрондук кат жөнөткөндөрдү аныктоо мүмкүн болбой жатканын айткан. Анын сөзүнө караганда, электрондук кат жазган аккаунттар Орусия же Украинанын аймагында катталган деген маалымат болгон.

XS
SM
MD
LG