Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:21

Талас: мектептин чатырынан кулаган окуучу боюнча окуя иликтенип жатат


Талас району. Кыргызстан / Talas district. Kyrgyzstan
Талас району. Кыргызстан / Talas district. Kyrgyzstan

Талас районунун Сасык-Булак айылындагы Жумагул уулу Алымкул атындагы орто мектебинин чатырынан кулап түшкөн окуучу боюнча окуя иликтенип жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Талас райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Борончу Өмүрканов билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 7-октябрда болгон. Анда 10-11-класстын окуучулары мектептин чатырын оңдоо иштерине тартылып, арасынан 11-класстын окуучусу жерге кулап кеткен. Окуя боюнча комиссия түзүлүп, аталган мектептин директору кызматтан четтетилген.

Облустук ооруканадан билдиришкендей, бейтаптын мээси чайкалып, жамбаш сөөгү сынган. Учурда үйдө дарылануусун улантууда.

Окуяны милиция териштирип жатканын, факты маалыматтарды эсепке алуу журналына катталганын билдирди.

Буга чейин Жалал-Абад шаарындагы мектептердин биринде 11 жаштагы кыздын экинчи кабаттан секирип кеткени катталган. Окуучу уюлдук телефонун мугалим алып койгондуктан ушундай жолго барганын айткан. Анын сол буту сынып, ооруканага түшкөн. (MKt)

XS
SM
MD
LG