Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:38
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл

Газа: Токтобогон согуш, талкалаган тагдырлар

Газада Израил армиясы менен ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) ортосунда согуш башталганына 100 күн болду. Расмий Тель-Авив ХАМАС жок кылынмайынча бул согуш уланарын билдирүүдө. БУУ Газада гуманитардык кырдаал курч экенин эскертти.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдаган.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды.

19:00 24.11.2023

Газа: согуштук аракеттер убактылуу токтоду

Газа тилкесинде убактылуу ок атышууну токтотуу режими 23-ноябрда таң эрте күчүнө кирди. Израил өкмөтү жана ХАМАС тобунун ортосунда түзүлгөн макулдашууга ылайык, согуштук аракеттер төрт күнгө токтойт.

Бул кыска убакыт ичинде толук курчоодо калган тилкеге гуманитардык жардам жеткирилип, ХАМАС (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) радикал уюму барымтада жаткандардын 50сүн бошотууга тийиш.

Ал эми Изриал түрмөлөрүндө жаткан ондогон палестинди бошотот.

Үйүн издеген палестиндер

Палестиндер жума күнү таң аткандан баштап ат арабада, жеңил унаада же жөө жалаң Газа тилкесине кайтуунун амалын издеп жатат.

"Мен ооруканага жакын мектепте иштечүмүн. Согуш башталганда качканбыз. Алар кантип бизге ушундай мамиле кылышты түшүнбөйм", - дейт Хията Муамар.

Жер которгон палестиндер үйлөрүнө кайтып келишүүдө. Хан-Юнис шаары. 24-ноябрь, 2023-жыл.
Жер которгон палестиндер үйлөрүнө кайтып келишүүдө. Хан-Юнис шаары. 24-ноябрь, 2023-жыл.

Египеттен Газага бет алгандардын арасында Мухаммад Казаер да бар.

"Мен Түркияда болчумун, согуш башталганын укканда дароо үйгө бет алдым, бирок Түндүк Синайда такалып калдым. Египет бийлигинин айтымында, бизге кийинки күнү же эки күндүн ичинде уруксат берилиши керек болчу, бирок андай болгон жок. Эми ок атышпоо режими жарыялангандан кийин гана Газа тилкесине кирип баратабыз", - деди палестин студент жигит.

7-октябрдан бери Газа тилкесинин 2 миллиондон ашуун калкынын 70% аймактын түштүгүнө жер которууга аргасыз болгон. Ок атышпоо режими күчүнө киргенден кийин айрымдар таштап кеткен үй-жайына кайтууда.

Бирок Израилдин куралдуу күчтөрү палестиндерге бул кадам кооптуу экенин, аскердик операция белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин кайра уланарын эскертүүдө.

Израил түрмөдөгү, ХАМАС барымтадагы адамдарды бошотот

Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугу менен түзүлгөн макулдашуунун шарттарына ылайык, 24-ноябрда ХАМАС радикал тобу алгачкы 13 израилдик туткунду бошотушу керек. Жалпысынан алардын барымтасында 220дай киши бар. Ал эми израил бийлиги өз түрмөлөрүнөн 39 палестин аял жана баланы бошотот. Төрт күндүн ичинде түрмөдөгү 150 палестинди коё берүү сүйлөшүлгөн.

7-октябрда ХAMACтын Израилге чабуулу маалында барымтага алынган 240ка жакын адамды кайтарууга чакырган жарнак тактасы. Иерусалим. 24-ноябрь, 2023-жыл.
7-октябрда ХAMACтын Израилге чабуулу маалында барымтага алынган 240ка жакын адамды кайтарууга чакырган жарнак тактасы. Иерусалим. 24-ноябрь, 2023-жыл.

ХАМАС тобу барымтасындагы израилдиктерди алгач Египетке жеткирет. Ал эми Израил түрмөдөн бошотулган палестиндерди Иордан дарыясынын Батыш жээгине алып барат. Маалымат каражаттары жазгандай, Израил бийлиги өз жарандарын көрмөйүнчө палестиндерди кое бербейт.

7-октябрда ХАМАС Израилдин аймагында барымтага 220 кишини алган. Куралдуу жоочулар жөөт шаар-кыштактарына кол салганда 1200 кишинин өмүрү кыйылган.

Гумжардам жеткирилет

Убактылуу ок атышууну токтотуу режими күчүндө турган маалда Газа тилкесине гуманитардык жардам киргизилет. Күн сайын 130 миң литр күйүүчү май жана 200 жүк ташуучу унаа жөнөтүлөт.

"Бүгүн режим күчүнө киргенден кийин Рафах өткөрмө бекети ачылды. Таң аткандан бери 320дай жүк ташуучу жана төрт күйүүчү май ташуучу унаа кирди. Мындай жараян эртең да уланат", - дейт Рафах өткөрмө бекетинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Ваэл Абу Омар.

Рафах өткөрмө бекетинде кезек күткөн унаа. 24-ноябрь, 2023-жыл.
Рафах өткөрмө бекетинде кезек күткөн унаа. 24-ноябрь, 2023-жыл.

Толук курчоодо калган аймакта таза суу, тамак-аш, дары-дармек сыяктуу жашоого эң зарыл нерселер тартыш.

Газа тилкесинде жөөт аскерлеринин, адегенде абадан, андан кийин жердеги соккуларынан өлгөндөрдүн саны 13 миңден ашканын, алардын 6 миңге чукулу балдар, 3,5 миңдейи аялдар экенин ХАМАС көзөмөлдөгөн аймактын бийлиги билдирүүдө.

Бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

20:45 23.11.2023

Газа: Согушту токтотуу жарыяны жумага жылды

Газадагы ок атууну убактылуу токтотуу жана ХАМАСтын (АКШ менен Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) жоочуларынын барымтасында калган туткундарды бошотуу жараяны буга чейин айтылгандай бейшембиде эмес жума күнү башталары белгилүү болду.

Жараян эмне себептен кечеңдеп жатканы азырынча белгисиз. Келишимде АКШ менен Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган ХАМАС барымтадагы 200дөн ашуун туткундан 50нү бошотуп берүүгө тийиш. Ал эми Израил өкмөтү абактагы 150 палестинди өткөрүп берүүгө тийиш.

Эгер бул макулдашуу ишке ашса, бир жарым айдан берки согуштагы биринчи олуттуу дипломатиялык жетишкендик болмокчу.

Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерди кеминде төрт күнгө токтотуу мунасасы жума күнгө жылды. Келишим бейшембиде эртең менен күчүнө кириши керек эле. Израил менен ХАМАСка ортомчу болгон Катардын бийлиги келишим түзүлгөнүн расмий билдиргени менен бул жараян эмне себептен кечеңдеп жатканы азырынча белгисиз.

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Эдриенн Уотсон бейшембиге караган түнү "жаатташкан эки тараптын келишими макулдашылган, алар акыркы логистикалык деталдарды иштеп чыгууда" деди. Уотсондун айтымында, барымтадагылардын ар биринин жайгашкан жерин жана жүрүү маршруттарын тактоо үчүн кошумча убакыт талап кылынат.

"Баары бошотулат деп үмүттөнөм"

Гилад Корнголдун үй-бүлөсүнөн жети киши, анын ичинде үч жашы жете элек небереси бир жарым айдан бери ХАМАС радикал тобунун барымтасында жатат.

"Бул келишимдин алкагында менин үй-бүлөм келеби деп сарсанаа болуп жатам. Газанын ичинде 40 бала бар, алардын 30ун гана коё беришет. Калгандары кайда? Билбейм. Баары бошотулат деп үмүттөнөм", - дейт Корнголд.

Израилдин өкмөтү менен ХАМАС радикал тобу шаршембиде Израилде камактагы 150 палестиналыктын ордуна Газада барымтадагы 50 кишини бошотууга жана курчоодо калган анклавга гуманитардык жардамдын киришине уруксат берүү үчүн согуш кеминде төрт күнгө токтой турганын макулдашкан.

Газа: Согушту токтотуу жараяны жумага жылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:42 0:00

22-ноябрда Израилдин Юстиция министрлиги өлкөнүн түрмөлөрүнөн коё берилиши ыктымал делген палестиндердин тизмесин жарыялаган.

Times of Israel интернет гезити тизмеде 300 киши бардыгын жазды. Алардын 287и 18ге чыга элек уландар. Алардын көбү Батыш Жээкте жана Чыгыш Иерусалимде таш ыргытканы үчүн камалган.

Тизмедеги 13 аялдын басымдуусу бычак менен кол салганы үчүн түрмөгө түшкөн. Ок атуу токтогон кезде жөөт аскерлери Газа тилкесиндеги ээлеген позицияларында кала берет. Газанын түндүгүнөн коопсуз жакка чыгып кеткен палестиндер үй-жайына кайтып келе албайт.

Аш-Шифа ооруканасынан директору суракта

Жөөт аскерлери бейшембиде Газа тилкесинин түндүгүндөгү эң ири Аш-Шифа ооруканасынан директору Мухамад Абу Салмия сурак берүү үчүн кармалганын ырастады.

Рейтер агенттигинин маалыматы боюнча, айтылган ооруканана ХАМАСтын башкаруу борбору катары колдонулганын далилдеген фактылар келтирилген.

"Анын жетекчилиги астында оорукана ХАМАСтын кеңири террордук иш-аракеттеринин аянты болгон", - деп айтылат билдирүүдө.

Аш Шифа ооруканасынын короосундагы чатырлар жана баш калкалоочу жайлар, 12-ноябрь, 2023-жыл.
Аш Шифа ооруканасынын короосундагы чатырлар жана баш калкалоочу жайлар, 12-ноябрь, 2023-жыл.

Израил армиясы соңку бир суткада абадан 300дөй сокку урганын билдирди. Палестин маалымат каражаттары жөөт күчтөрү өлкө түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарына дагы абадан чабуул койгонун жазды.

ХАМАС куралдуу тобу башкарган Газанын Саламаттык сактоо мекемеси билдиргендей, жаңжал башталган 7-октябрдан бери тилкеде 14 миңден ашуун киши каза тапты, алардын 40% балдар. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн болбогону менен БУУ андай сандарга ишенсе болорун белгилейт.

Израилдин өкмөтү ХАМАСтын кол салуусунан 1200 кишинин өмүрү кыйылганын, 220дай киши барымтага алынганын билдирген.

БУУнун Гуманитардык маселелерди тескеген агенттиги Газа тилкесинде бери дегенде 1,7 млн киши жер которууга аргасыз болгонун кабарлады. 7-октябрда ХАМАСтын кол салуусунан кийин Израил радикал топко каршы согуш ачып, Газада аскердик операция баштаган.

16:23 23.11.2023

Ок атышуу токтотуу режими жана ХАМАС ( АКШ менен Европада террордук деп таанылган) уюмунун барымтасындагы израилдиктерди бошотуу жараяны 24-ноябрга жылдырылгандыктан, бейшембиде Газа тилкесинде согуш уланганын Рейтер агенттиги жазды.

Израил армиясы соңку бир суткада абадан 300дөй сокку урганын билдирди. Палестин маалымат каражаттары жөөт күчтөрү өлкө түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарына дагы абадан чабуул койгонун жазды.

Израил өкмөтү Газа тилкесиндеги жоочулардын барымтасында турган туткундарды бошотуу жума күнү башталарын бейшембиге караган түнү жарыялады. Толук курчоодо калган Палестин анклавында согуш кеминде төрт күнгө токтой турганы шаршембиде жарыяланган. Бул маалда ХАМАС радикал уюму барымтада жаткандардын 50нү бошотууга тийиш.

20:47 22.11.2023

Израил өкмөтү Газа тилкесиндеги согушкерлердин барымтасында турган туткундарды бошотуу жума күнү башталарын бейшембиге караган түнү жарыялады. Толук курчоодо калган палестин анклавында согуш кеминде төрт күнгө токтой турганы шаршембиде жарыяланган. Бул маалда ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) барымтадагы 200дөн ашуун туткундан 50нү бошотуп берүүгө тийиш.

Жетишилген макулдашуу бир жарым айдан берки согуштагы биринчи олуттуу дипломатиялык жетишкендик деп сыпатталууда.

Эки тарапка ортомчу болгон Катар макулдашууга жетишүүгө АКШ, Египет аралашканын белгилеп, документтин тексттин жарыялады. Жаатташкан эки жак тең биринчи кезекте аялдарды жана балдарды бошотуп, камоодо калган палестин анклавына гуманитардык жардамдын көлөмү көбөйөт, күйүүчү май жеткирилет. Төрт күндүк ок атпоо режими андан ары узартылышы да ыктымал.

Палестин автономиясынын түрмөдө отургандар боюнча комиссиясынын башчысы Кадура Фарез документте эки пункт макулдашылганын белгиледи. "Израил тарап абактардагы бейкүнөө балдарды жана аялдарды коё берет, бирок аскерлер кошулбайт. Түрмөлөрдөн 150 кишини бошотот. Бул режим узартылса абакта эң узак отурганына карап 180 кишиге чейин жетиши ыктымал", - деди Палестин автономиясынын өкүлү.

22-ноябрда Израилдин юстиция министрлиги өлкөнүн түрмөлөрүнөн коё берилиши ыктымал делген палестиндердин тизмесин жарыялады. Times of Israel интернет гезити тизмеде 300 киши бардыгын жазды. Алардын 287и 18ге чыга элек өспүрүм жигиттер. Алардын көбү Батыш Жээкте жана Чыгыш Иерусалимде таш ыргытканы үчүн камалган. Тизмедеги 13 аялдын басымдуусу бычак менен кол салганы үчүн түрмөгө түшкөн. Гезит белгилегендей, жөөт өкмөтүнүн чечимине ылайык, Газа тилкесинде согушкерлердин барымтасында отурган 100 туткун Израилге аман-эсен келгенден кийин гана палестиндер абактардан чыгарылат.

Макулдашууга ылайык, 7-октябрда согушкерлер Израилдин аймагында барымтага алган 220 туткундан 50 кишини бошотот. Куралдуу жоочулар жөөт шаар-кыштактарына кол салганда 1200 кишинин өмүрү кыйылган.

"Туткундарды бошотуу эки тараптын алгачкы макулдашуусуна ылайык, жума күндөн эрте башталбайт", - деп билдирди жөөт өкмөтүнүн кеңешчиси Цахи Ханегби.

Шейшембинин кечинде премьер-министр Беньямин Нетаньяхунун кеңсеси жоочулардын барымтасындагы 50 аял менен балдар төрт күндүн ичинде бошотуларын, күнүнө кеминде 10дон киши кое берилет деп билдирген. Дагы 10 киши азат кылынат деген шартта ок атышпоо режими узартылышы ыктымал. Жөөт өкмөтү барымтадагылардын бардыгын үйлөрүнө кайтарууну максат кыларын, биринчи кадам ташталганын кошумчалады.

Нетаньяху шейшембиде Министрлер кабинети убактылуу ок атпоо режимине добуш берердин алдында Израил "бардык максатына толук жетмейинче" ХАМАС экстремисттик тобуна каршы согушту улантарын айтты.

"Биз согушту улантабыз. Максатыбызга жетмейинче - ХАМАСты жок кылып, барымтадагыларды кайтарып, дайынсыздарды таап, Газа тилкесиндеги Израилге коркунуч туудурган элементтерди тазаламайынча согушту уланта беребиз", - деди Нетаньяху.

Ок атуу токтогон кезде жөөт аскерлери Газа тилкесиндеги ээлеген позицияларында кала берет. Газанын түндүгүнөн коопсуз жакка чыгып кеткен палестиндиктер үй-жайына кайтып келе албайт. Улуттар Уюмунун агенттиктеринин эсебинде, анклавдагы 2 миллиондон ашуун калктын 1.7 млн киши үй-жайын таштап, качкынга айланды.

Газа тилкесинде жөөт аскерлеринин адегенде абадан, андан кийин жердеги соккуларынан өлгөндөрдүн саны 13 миңден ашты. Алардын алты миңге чукулу балдар, 3 жарым миңдейи аялдар. Хамас көзөмөлдөгөн аймактык бийлиги берген бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

Толук курчоодо калган аймакта таза суу, тамак-аш, дары-дармек сыяктуу жашоого эң зарыл нерселер тартыш. Согуш башталганда Израил электр жарыгын берүүнү токтотуп, Газаны караңгылык каптады.

Газада согуш төрт күнгө токтотулат
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:21 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG