Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:49

Мадумаров боюнча башкы прокурордун маалыматын угуу сунушу колдоо тапкан жок


Адахан Мадумаров. Архивдик сүрөт.
Адахан Мадумаров. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңеш “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго козголгон иш боюнча башкы прокурордун маалыматын угуу сунушун колдогон жок. Парламенттин 18-октябрдагы отурумунда депутат Гуля Кожокулова тергөө аяктап, 23-октябрга алгачкы соттук отурум белгиленгенин кабарлады жана тергөө аяктагандан кийинки үч күн ичинде башкы прокурор бул боюнча маалымат бериши керек болгондугун айтты:

“Кылмыш-жаза кодексине ылайык, өлкөдөгү биринчи адамдарды, анын ичинде ЖК депутаттары боюнча кылмыш иши козголгондо башкы прокурор жеке өзү айып коюп, тергөөнүн аякташы тууралуу толук маалымат бериши керек деп жазылып турат. Ошондуктан башкы прокурордун маалыматын угуу тууралуу маселени күн тартибине киргизүүнү суранам”.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында Кожокулованын бул сунушу тийиштүү колдоо таппай калгандыктан маселе парламенттин бүгүнкү отурумунун күн тартибине киргизилген жок.

Буга чейин Мадумаровдун кармалышынын мыйзамдуулугун териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүү тууралуу сунуш да Жогорку Кеңеште колдоо таппай калган.

Бийликтин дарегине ачык сын айтып келген Мадумаровду милиция 2-сентябрда кармап кетип, соттун чечими менен ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган. Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылды. Президент Садыр Жапаров ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талаш жаратып жатканын билдирген. Мадумаров өзү ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG