Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:07

Ооган кыргыздарына кезектеги гумжардам жеткирилди


Кыргызстан Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагындагы жана Ооганстандын Кичи жана Чоң Памириндеги кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн 18-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 4-16-октябрь күндөрү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция, Саламаттыкты сактоо, Айыл чарба, Тышкы иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин өкүлдөрүнөн турган гуманитардык экспедиция машина менен 2 тоннага жакын дары-дармек жана ветеринардык препараттарды жеткирип берди.

Педиатр, терапевт, стоматолог, гинеколог дарыгерлер үч күн ичинде 600дөн ашык кишини текшерип, дарылашты. Ветеринарлар эпизоотиялык абалды изилдеп, 700дөн ашык баш малды эмдөөдөн өткөрүп, жергиликтүү тургундарга ветеринардык дары-дармек тапшырып, малды ылаңдан коргоо чараларын айтып беришти.

Ооганстандын 4200 метр бийиктиктеги Памир өрөөнүн байырлаган кыргыздардын саны эки миңдей адам. (RK)

XS
SM
MD
LG