Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын дагы 13,98 чакырымы макулдашылды. Топографиялык топтордун буга чейинки соңку жолугушуусунда тараптар чек ара тилкесинин 43,32 чакырымын макулдашканы айтылган.
Макулдашуу 12-18-октябрь күндөрү Тажикстандын Бустон шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусунда кабыл алынган. Анын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди. Тараптар эми калган тилкелер боюнча сүйлөшүүнү Кыргызстанда өтө турган жолугушууда улантышмакчы.
Ага чейин Кыргызстан менен Тажикстандын атайын кызматтарынын жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов чек ара маселелерин талкуулаган. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жолугушуу коңшу мамллекеттин Бустон шаарында 16-октябрда өткөнүн кабарлаган. Анда чек араны аныктап, тактоо боюнча жумушчу топторго конкреттүү тапшырмалар берилгени айтылат.
Расмий маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусунда кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу №44 протоколдун маанилүүлүгү белгиленди. Тараптар калган тилкелерге байланыштуу келишим так аткарылып жатканына канааттануусун билдиришти жана маселелерди чечүү үчүн так тапшырмалар берилди.
"Жумушчу топторго ишти активдештирүү жана бардык орун алган чек ара маселелерин чечүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди. Делегация башчылары 2023-жылдын 2-октябрындагы №44 протоколдун маанилүүлүгүн дагы бир ирет баса белгилеп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин тездетүү жана протоколдун жоболорун дыкат аткарууга даяр экендиктерин билдиришти. Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн маанайында өттү", - деп жазылган маалыматта.
Сөз болуп жаткан №44 протколго Ташиев менен Ятимов ушул айдында башында кол койгон жана анда тараптар бул документ чек арадагы бардык маселелерди чечүүгө өбөлгө болот деп ишендирген. Азырынча протоколдун мазмуну тууралуу толук маалымат бериле элек.
Буга чейин чек араны тактоодо эки тарап кайсыл юридикалык документ менен иштөө керек деген маселеде мунаса таба албай, иш алдыга жылбай келген. Расмий Бишкек сүйлөшүүлөрдө 1955-1959-жылдардагы документти негиз кылса, тажик тарап 1924-1927-жылдардагы документтерди сунуш кылган.
Айрым маалыматтарга караганда эки өлкө негизги, урунтуу маселелердин баарын жыл жаңырганга чейин чечүүгө аракет кылууда.
Топографиялык топтордун соңку жолугушуусунда тараптар чек ара тилкесинин 43,32 чакырымын макулдашканы айтылган, бирок анын чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берилген жок.
Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы толук такталган. Былтыр эки өлкөнүн лидерлери жолукканда жалпысынан 664 чакырымга байланыштуу орток пикир бар экенин ырастаган.
Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, чек ара тактоодо Ворух анклавынын айланасында, ошол эле Төрт-Көчөнүн макамы өңдүү талуу маселелер бар экенин, буга кылдаттык керектигин айтты.
"Бул эки өлкө тагдырындагы, тарыхындагы курч маселе. Менимче кошуна тарап дагы айрыкча былтыркы окуядан кийин көп нерсени түшүнсө керек. Биз кандай болсо дагы тынчтык жолун тандап, сүйлөшүү жолу менен чечишибиз керек. Соңку жолугушуулар аз дагы болсо алдыга жылыш деп ойлойм. Булар бизге Ворухту эч качан бербейт. Булар бизден сөзсүз корридор сурайт. Мен эми сырды ачыкка чыгаргандай болбоюн, бирок мага жеткен маалыматтарга караганда, тажик тарап Төрт-Көчөнү нейтралдуу деп таанып берүүгө макул болуптур, бирок алардын талабы Ворухка коридор ачуу болуп жатыптыр. Эки тарап тең муну чечпейбиз деп тура берсек карама-каршылык кылымдарга кала берет. Ушул жерден өтө акылдуулук, кылдаттык менен маселени баары бир чечишибиз керек. Эгер жолугуп, бардык маселени тездетебиз деп жатса бул жакшы нерсе. Биз түбөлүк кошуна болуп жашайбыз, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын эске алып маселени баары бир чечишибиз керек. Чек аранын айынан канча кан төгүлдү, канча жараныбызды жоготтук".
Буга чейин тажик тарап Ворух анклавын айланып өтүүчү Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушуна каршы болгон жана бул жагдайдан улам бир канча ирет жаңжалдар орун алган. Коңшу өлкө Ворухка коридор сурап жүргөнү белгилүү.
Мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытовдун пикиринде, кайсы бир тилкелерге байланыштуу мунаса табуу маанилүү. Мындан улам эки тарапты тең 100 пайыз канааттандырган чечимдер чыкпашы мүмкүн.
"Кийинки жылы кыргыз-тажик чек арасынын совет доорунун бери чечилбей келатканына туура 100 жыл болот. Биз азырынча протоколдорду окуган жокпуз. Чек арага байланыштуу президент дагы, парламент дагы тапшырма берип, кийин эки өлкөнүн президенттери дагы жолугуп, чек араны чечели деп сүйлөшпөдүбү. Азыр жыйынтык чыгарганга эрте. Тиешелүү документтерге кол коюлуп, парламентке алып чыкканда гана баа берсе болот. Чек арадагы айрым тилкелер, мисалы Кадамжайдагы тилке Лейлекке байланыштуу, Лейлектин участкасы Баткен районуна байланыштуу, Баткен районун ичиндеги тилкелер бири-бирине байланыштуу. Мисалы Ак-Сайдын же Ворухтун тегерегинде чек ара маселелерин талкуулаганда ал сөзсүз башка жерге барып такалат. Ошол жерде "силер ушул жерди оң чечип берсеңер, биз мобул жерди чечип беребиз" дегендей сөз болот. Мындан улам Лейлекте чек ара маселеси оң чечилсе, Кадамжай же Баткен ройонунда нааразылык болот. Алар бул маселе бири-бирине байланыштуу экенин билбейт да. Биз ушул жерден алсак, аларга беришибиз керек болот. Сүйлөшүү жараянында ушундай көп нерселер, ыкмалар бар. Буга чейин, он жылдай сүйлөшүүлөрдө бир дагы чакырым жылбай койбодук беле. Анан азыр отуруп алып эле "100% уткубуз келет" деген болбойт. Сүйлөшүүлөрдө бири-бирин түшүнүп, эпке келип, эпке келтирген ыкмалар бар".
Деген менен жергиликтүү активист Мастура Надированын айтымында Баткенде айрыкча чек арага жакын жашаган аймактарда тилкелер такталып, зымдар тосулуп, коопсуз жашоону эңсеп турат.
"Чек арабыз эрте так чечилип, зым тартып болсо дагы тактап жакшы болот эле. Биздин, Баткен элинин кудайдын тилегени эле тынч жашайлы, тынч жашоого өтөлү дейбиз. Эл ушуну күтүп жатат. Сүйлөшүүлөр оң жыйынтык берип, тынчтыкта чечип алса, биз дагы жашообузду кооптонбой коркуп жашабай улантсак деген эле элдин тилеги".
Чек аранын айынан эки мамлекет 2021-жылы жана 2022-жылы ири куралдуу кагылышты баштан кечирди жана анда эки тараптан тең ондогон адамдын өмүрү кыйылды. Буга байланыштуу Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптаган.