2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалга бир жыл толду.
Андан бери эки мамлекеттин өкмөттөр аралык комиссиясы чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келет. Кыргыз тарап делимитация, демаркация иштерин бүтүрүүгө кызыкдар болгону менен бул аракеттен алгылыктуу майнап чыга элек.
"Азаттык" Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен чек араны тактоо жана ал аймактагы жагдай тууралуу маектешти.
- Марат мырза, кыргыз бийлиги Тажикстан менен чек араны тактоо ишин тездетүүгө кызыкдар экенин кайталап келет. Учурда сүйлөшүүлөр кандай нукта жүрүп жатат?
- Биз чек арадагы жаңжалдарды токтотуунун бирден бир жолу делимитация жана демаркация иштеринин жүрүшү экенин түшүнүп турабыз. Коопсуздук кепилдиги үчүн биз чек араны тактоо иштерин тездетишибиз керек. Биз тараптан, президентте, өкмөт башчыда саясий эрк бар. Бул багытта өз сунуштарыбызды берип жатабыз. Буга чейин президент Садыр Жапаров да сунушун берген. Андан кийин өкмөттөр аралык комиссия Бишкекте, экинчи жолу Дүйшөмбүдө жолукту. Бирок бул маселеде олуттуу жылыштар жок.
Президент Дүйшөмбү шаарындагы жолугушууда да бул маселени козгоду. Эки президенттин сүйлөшүүсүнөн кийин бул маселе алдыга жылат деп үмүт кылабыз. Анткени биздин президентибиз муну тезирээк чечүүнү ачык айтып жатат. Анын үстүнө биз эл аралык кызматташууну жакшыртып жатабыз. Мына Борбор Азия мамлекет башчыларынын саммити өттү. Мындагы максат мамилени жакшыртып, соода-экономикалык алаканы бекемдөө жана коопсуздук жаатында бирге кызматташуу. Бул аракеттер жакшы уланууда. Ушундай максаттар коюлгандан кийин эки өлкөнүн мамилеси чек арага көз каранды болуп жатат. Мындайда чек арага чекит коюлбаса, башка максаттарга терс таасир этет.
Ошол себептүү президентибиз муну тездетүүнү көтөрүп жатат. Муну тажик тарап да туура түшүнүп жатат.
- Азыр кыргыз-тажик чек арасындагы абал кандай?
- Чек аралаш аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу жаатында иштер жүрүп жатат. Эки өлкөнүн өкмөттөрү ар кандай деңгээлде сүйлөшүү жүргүзүп, коопсуздукту бекемдөө максатында биргелешкен иштерди алып барууда. Абал туруктуу, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы буга көз салып, коңшу өлкөдөгү кесиптештерибиз менен сүйлөшүп турабыз. Тажикстан тарап да чек арада тынчтык болушу керектигин түшүнүп турат.
Биз Тажикстандан башка коңшу өлкөлөрдүн баары менен чек араны тактап бүткөнбүз. Бул жаатта бизде мамлекет башчыдан баштап баарыбызда саясий эрк жана тез чечүүгө ынтызарлыгыбыз бар. Анткени бизде эч кандай доомат жок. Советтер Союзу урагандан кийин 1991-жылы декабрда Алматы декларациясы кабыл алынган. Анда союздук республикалар ортосундагы административдик чек аралар мамлекеттик чек арага айланары жазылган. Ким ошол кезде кайсы жерге ээлик кылып турса, ошол бойдон уланат деген принципти карманып жатабыз. Биз кайсы бир жерди талашып, “илгерки картада мындай, азыркыда мындай” деген жокпуз. Биз азыркы турган чек араларыбызды гана тактап алалы деп жатабыз. Эч кандай доомат кылып, кошумча жер сураган жокпуз. Союз урап калган кезде түзүлгөн чек араны тактап коёлу деген гана позициядабыз.
- Тажикстан ушул шартка макул болуп жатабы? Алардын чек ара такташуудагы позициясы кандай?
- Мурда өкмөттөр аралык комиссия болгондо алар 1924-1927-жылдагы карта менен, айрым жерлерди башка жылдагы карта менен карайлы деген талап коюшкан. Чек ара тактоодо сага ыңгайлуу жерде башка карта, дагы башка аймакка андан бөлөк жылдагы карта менен караган болбойт. Мындайда принцип болуш керек.
Чек ара тынчтык, дипломатиялык жол менен компромисске баруу аркылуу чечилет. Биз ушул принципти карманып жатабыз. Алар да ушул шартка көнөт деп ойлойм. Бизде доомат, күч менен чечели деген ниетибиз жок. Дүйнөдө чек араны чечүүнүн жолдору бар.
Ошого ылайык эки жактын тең кызыкчылыгы эске алынган шартта чечели деп жатабыз. Ушуга баруу керек. Мындан башка жол жок. Биз баарын тынч жол менен гана чечкибиз келет. Мындай шартта такташууга тажик тарап да көнөт деп ойлойм. Анткени чек ара бизге өз аймактык чегибизди билип, тынч жашап, эки элдин алакасын жакшыртуу үчүн маанилүү. Биздин максатыбыз да ушул.
- Алдыда айрыкча калк жашаган жана дыйканчылык жерлери бар тилкелер такталышы керек. Анда стратегиялык мааниге ээ болгон Төрт-Көчө жерлиги, тажик тараптын Ак-Сай аркылуу Ворухка өтө турган жолу кандай чечилет? Статусу кандай болот?
- Азыр Төрт-Көчөдөн биздин жарандар Лейлекти көздөй тоскоолдуксуз өтүп жатат. Тажикстандыктар да ошол жерден Ворухка эч кандай тоскоолдук каттап жатат. Бул жердин статусу ушундай эле. Бирок кийин делимитация иштери жүргөндө юридикалык жактан так чечип алышыбыз керек болот. Биздин бул жаатта так позициябыз бар жана аны тажик тарапка да билдирип жатабыз. Кандай болгон чакта дагы жергиликтүү эл менен макулдашып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мамлекеттик кызыкчылыкка ылайык иш жүргүзөбүз.
Биз өз кызыкчылыгыбызды көздөйбүз. Тажикстан да ушундай позицияда болуп жатат. Ошого компромисске барып, эки жакка тең пайдалуу жолду тандайбыз.
- Кыргыз тарап чек араны чечүүнү тездетүүгө ынтызар экенин билдирип, аракет кылып жатканын айттыңыз. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн, процессти алганда тактоо иштеринин аякташы боюнча болжолдуу бир убакытты айта аласызбы?
- Мындайда так бир убакытты айта албайбыз. Тез аранын ичинде чечели деген аракеттебиз. Анткени 2021-жылы апрелдеги окуядан кийин кыргыз-тажик чек арасын бир тараптуу жаап койгонбуз. Эми бул түбөлүк болбошу керек. Мамлекет болгондон кийин эки өлкө ортосунда кызматташуу, соода алакалары уланышы керек. Ошон үчүн тезирээк чечип, чек араны ачалы деп жатабыз. Кызматташуу үчүн алгач чек араны тактап алалы деген позициядабыз.
- Кыргыз бийлиги чек арадагы делимитация, демаркация иштери бүткөндөн кийин гана ачылат деген позициясын билдирген. Азыр бул позиция күчүндөбү?
- Ооба, азырынча ушундай. Анткени буга биз дагы, Тажикстан дагы даяр эмес. Биз мындан кийин чыр-чатактар уланбасын деп жаап койгонбуз. Муну тажик тарап да түшүнүп турат. Чек ара такталары менен дароо ачылат. Биз чек арадагы жагдайды буга чейин жакшы алакада жашагандагыдай абалга кайтарышыбыз керек.