Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:07

Орусия украин жарандарынын өлкөгө кирүү тартибин өзгөрттү


"Шереметьево" аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.
"Шереметьево" аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.

16-октябрдан тартып Орусияга кирүүнү каалаган айрым украин жарандары үчүн өзгөчө тартип иштей баштады. Мындай талап башка өлкөнүн аймагынан бара жаткан украиналыктарга гана коюлат.

Алар Орусияга Латвия менен чек арадагы Псков облусундагы «Лудонка» автомобилдик өткөрмө бекетинен же “Шереметьево” аэропортундагы көзөмөл-өткөрмө бекетинен гана кире алышат.

Мындай талап 14 жашка чейинки курактагы украиналыктарга жана Орусия басып алган аймактардан барган украин жарандарына коюлбайт.

Жаңы чектөө чарасын орус бийлиги Орусиянын тургундарынын “түзүлгөн кырдаалда” коопсуздугун камсыздоого багытталган убактылуу чара деп атап жатат.

Ал арада Латвия өкмөтү жогоруда аталган өткөрмө бекетинин өз тарабындагы «Виентули» пунктун жабууну чечти. (RK)

XS
SM
MD
LG