Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Грузиянын Конституциялык соту президент Зурабишвили баш мыйзамды бузду деп тапты


Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили
Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили

16-октябрда Грузиянын Конституциялык соту президент Саломе Зурабишвили өкмөттүн уруксатын албастан Еврошаркеттин мамлекеттерине баруу менен баш мыйзамды бузду деп тапты. “Азаттыктын” грузин кызматынын жазганына караганда, 9 судьянын алтоо мындай бүтүмдү колдоду. Башкаруудагы “Грузин кыялы” партиясынын депутаттары ошол сапарлар үчүн президентке импичмент жарыялоо жараянын баштаганы 1-сентябрда маалым болгон. 80 мыйзам чыгаруучунун тиешелүү арызы сотко 14-сентябрда берилген. Президентти кызматынан кетирүү үчүн 100 депутаттын колдоосу керек. Маселе эки жуманын ичинде колго салынмакчы. Бирок бийликтеги партияда мынча мандат жок.

Өлкө конституциясы мамлекет башчыга өкмөттүн уруксатысыз тышкы сясатка аралашууга тыюу салат. Зурабишвилинин өкүлдөрү чет өлкөлөрдүн лидерлери менен кездешүүлөр, телефон чалуулар, каттар тышкы саясатты өзгөртүүгө алып келбесе, андайга жол берилет деген аргументин келтиришти.

Грузия Евробиримдикке мүчө болуп кирүү арызын былтыр тапшырган.

XS
SM
MD
LG