БУУ баштаган эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин "чет элдик өкүл” жөнүндө талаштуу мыйзам долбоорун четке кагууга чакырууда. Алар бул документ Кыргызстандын жарандык коомунун жетишкендиктерин жокко чыгарарын эскертип жатышат. Депутат Надира Нарматова башында турган бул долбоор боюнча 17-октябрда парламенттик угуу өткөнү турат.
Мыйзам эмнени көздөйт?
Орусиядагы репрессивдүү “чет элдик агент” мыйзамынын Кыргызстандагы аналогу катары сыпатталып жаткан бул мыйзам долбоору “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү максат кылат.
- Ага ылайык, чет өлкөдөн каржыланган жана Кыргызстанда саясий ишмердик менен алектенген жергиликтүү бейөкмөт уюмдар “чет элдик өкүлдүн ишин аткаруучу” деп таанылат жана тиешелүү реестрге катталат. “Чет элдик өкүл” катары каттоодон өтпөгөн уюмдардын ишмердиги алты айга чейин токтотулат.
- “Мамлекеттик органдардын чечимине таасир этүүнү”, ал органдар жүргүзгөн “мамлекеттик саясатты өзгөртүүнү” жана бул багытта “коомдук пикирди түзүүнү” көздөгөн саясий акцияларды уюштурган жана аларды каржылаган уюмдар саясий ишмердикке катышкан болуп таанылат.
- Илим, маданият, искусство, саламаттыкты сактоо, жарандарды социалдык колдоо, спорт, экология жана кайрымдуулук багытында иш алып барган уюмдар саясатка аралашты деп эсептелбейт.
- “Чет элдик өкүл” деп таанылган уюмдардан кошумча отчеттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчет берип турушу керек.
- Мыйзам долбоору кабыл алынса, бейөкмөт уюмдар пландалбаган текшерүүлөргө да туш болушу ыктымал. Кезексиз текшерүүлөргө кайсы бир мамлекеттик органдын арызы негиз бере алат.
- Кылмыш кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, атуулдарды “жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга жана башка укукка каршы келген аракеттерге” үгүттөгөн уюмдарды түзгөндөр жана жетектегендер же айыппулга жыгылат же беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Мындай уюмдардын ишине жигердүү катышкандар, же алардын ишин пропаганда кылгандар 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.
«Бейөкмөт уюмдардын ишине тыюу салган, сөз эркиндигине шек келтирген, демократияга каршы багытталган эч нерсе жок. Адам укуктарын басмырлоого эч тиешеси жок. Ошол эле учурда биз коммерциялык эмес уюмдардын иштөөсүнө кеңири мүмкүнчүлүк ачуу менен бирге алардын жоопкерчилиги тууралуу да пункт киргиздик. Көрсөтүлгөн талаптарга каршы иш жасаган болсо 50-100 миң айыппул төлөө, 5 жылга чейин эркинен ажыратуу, туура эмес иштерди дагы эле жасаган болсо 100-200 миң айыппул салуу, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунуш кылынып жатат”, - деп билдирген мыйзам долбоорун демилгелеген депутат Надира Нарматова.
БУУнун эскертүүсү
"Чет элдик өкүл” жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылгандан бери жергиликтүү жана эл аралык уюмдар, көз карандысыз эксперттер утур-утур тынчсыздануусун билдирип жатышат.
13-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын өкүлү Равина Шамдасани кыргыз бийлигин бул мыйзам долбоорун четке кагууга чакырды. Анын айтымында, сунушталган мыйзам жарандык уюмдардын ишине, сөз эркиндигине жана адамдардын кайсы бир уюмга мүчө болуу укугуна шек келтирет.
Шамдасани “жарандарды атуулдук милдеттерин аткаруудан баш тартууга же башка мыйзамсыз аракеттерди жасоого үгүттөдү” деген негиз менен бейөкмөт уюмдардын тарапкерлерин 10 жылга чейин эркинен ажыратууну көздөгөн жобону сынга алды.
“Бул мыйзам бузуу начар чечмеленген, кеңири жана субъективдүү жоромолдорго ачык. Ал адам укугун мыйзамдуу коргогондорду тандалма түрдө жоопко тартууга жол ачышы мүмкүн”, - деди Шамдасани.
Ал мыйзам долбоору Юстиция министрлигине бейөкмөт уюмдарды кезексиз текшерүүгө, керек болсо документтерин тартып алууга, “чет элдик өкүл” катары катталбаган уюмдардын ишмердигин соттун чечими жок эле алты айга токтотуп коюуга укук берерин белгиледи.
Андан бир жума мурда Бириккен Улуттар Уюмунун үч атайын баяндамачысы да кыргыз өкмөтүнө кайрылып, “чет элдик өкүл” тууралуу мыйзам долбоорун кайра карап чыгууга чакырышкан.
6-октябрда жарыяланган кайрылууга БУУнун тынч жыйындарга чогулуу жана биримдикке кошулуу эркиндиги боюнча атайын баяндамачысы Клеман Ньялетсосси Вуль, ой-пикир жана сөз эркиндигине болгон укуктуу коргоо жана алга сүрөө боюнча баяндамачысы Ирен Хан, ошондой эле укук коргоочулардын абалы боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лоулор кол койгон.
Алар “чет элдик өкүл” тууралуу мыйзам долбоорунун көп жоболору Кыргызстандын адам укуктарына байланыштуу бир катар эл аралык милдеттемелерине каршы келерин эскертишкен.
Атайын баяндамачылар белгилегендей, мыйзам долбоорундагы “саясий ишмердик” тууралуу жобо так чечмеленген эмес жана ал бийликке кайсы бир ишмердикти “саясий” деп мүнөздөп коюуга кеңири мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары “чет элдик өкүл” атыккан уюмдарга саясий ишмердик менен алектенгенге тыюу салынбаса да бул документ жарандардын саясий процесстерге таасир этүүгө болгон укугуна шек келтириши мүмкүн.
“Мисалы, бул мыйзам долбоорундагы айып пул же 10 жылга чейин эркинен ажыратуу менен коштолуучу кылмыш жоопкерчилигинен улам жарандар “чет элдик өкүлдүн” функциясын аткарган бирикменин ишине катышкысы келбей, саясий ишмердикке аралашкысы келбей коюшу мүмкүн, же андай уюмдун ишмердигине колдоо көрсөтүүдөн коркушу ыктымал”, - деп айтылган кайрылууда.
Ошондой эле атайын баяндамачылар бейөкмөт уюмдар ашкере текшерүүлөргө туш болорун белгилешип, мыйзамдын талабын аткарбаган уюмдардын каттоосу жокко чыгарылат деген жобого да тынчсыздуусун билдиришкен.
Алар кыргыз өкмөтүн бул мыйзамды артка чакыртууга, жарандык коомдун жана кызыкдар тараптардын кеңири катмары менен маңыздуу талкууларды өткөрүүгө чакырган.
“Мыйзамдын кесепети элге тиет”
Июль айында Европа парламенти да Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына басым тууралуу резолюция кабыл алып, анда “чет элдик өкүл” жөнүндө мыйзам долбоорун кайра карап чыгууга чакырган.
Жакында Кыргызстанга иш сапары менен келип кеткен АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Поммершайм да бул мыйзам долбооруна камтамачылыгын билдирип, аталган документ карапайым элдин маалымат алуу жана ар кыл кызматтарды колдонуу укугун чектеп коерун эскертти.
“Документ айрыкча аймактардагы адамдарга зыянын тийгизет. Себеби азыр өкмөттүк эмес уюмдар жер-жерлерде саламаттык сактоо жана башка тармактар боюнча ар кандай долбоорлорду ишке ашырууда. Мен элчиликтеги кесиптештерим менен кургак учукка, ВИЧке каршы долбоорлор боюнча сүйлөштүм. Биз бул долбоорлор боюнча кыргыз өкмөтү менен бирге иштеп жатабыз. Аларды ишке ашырууда Кыргызстанда күчтүү жарандык коом да чоң роль ойнойт. Кыргызстанда жарандык коомдун активдүүлүгү бизди кубандырат. Кыргызстандыктар ушул жетишкендикти сактап калып, анын артка кетишине каршы турушу керек деп эсептейм. Себеби кыргыз эли бул долбоорлордун көп пайдасын көрүүдө”, - деди Поммершайм.
Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Human Rights Watch (HRW) уюму да 9-июндагы билдирүүсүндө бул документ Кыргызстандын адам укуктары боюнча эл аралык милдеттемелерине шайкеш келбей турганын эскерткен. Ошондой эле бул документ сөз эркиндигин чектеп, бейөкмөт уюмдарынын кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол ачарын эскерткен жана “чет элдик өкүл” катары катталуу талабын сынга алган.
“Бул талап чет өлкөдөн каржы алган топторду дискредитациялоону жана стигмага дуушар кылууну көздөрү анык жана өлкөдөгү ансыз да чабуулга кабылып жаткан жарандык коомго кесепетин тийгизиши ыктымал”, - деп билдирген HRW.
Ошондой эле уюм документтеги “саясий ишмердүүлүккө” байланыштуу чектөөлөр Кыргызстандагы жарандык активизмге коркунуч жаратарын белгилеген.
“Бул чаралар Кыргызстанда адам укуктарын, демократияны жана социалдык адилеттикти алга сүрөөдө маанилүү роль ойногон уюмдардын үнүн басуу коркунучун жаратат”, - деп айтылат билдирүүдө.
Уюмдун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева мыйзам кабыл алынса, Кыргызстандын эл аралык аренадагы кадыр-баркына доо кетерин эскерткен.
“Коркунучтуу жана үстүртөн даярдалган”
12-июнда Human Rights Watch уюмунан тышкары Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк, Норвегиянын Хельсинки комитети сыяктуу дагы жети уюм биргелешкен билдирүү таратып, кыргыз парламентинин депутаттарын “чет элдик өкүл” мыйзамын четке кагууга чакырышкан. Аталган уюмдар мыйзам долбоорун “коркунучтуу жана үстүртөн даярдалган” деп сыпатташкан.
“Негизинен чет өлкөдөн каржыланган уюмдардын ишин чектөөнү, аларды жаманатты кылууну көздөгөн жана Орусиянын тиешелүү мыйзамдарына таянган бул мыйзам долбоору Кыргызстандын жигердүү жарандык коомуна, өзгөчө укук коргоочулар менен алардын уюмдарына түз жана олуттуу коркунуч жаратат. Эгер кабыл алынса, бул мыйзам долбоору өлкөдөгү жарандык коомду өнүктүрүүгө багытталган буга чейинки жетишкендиктерди жокко чыгаруу тобокелчилигин пайда кылат”, - деп айтылган билдирүүдө.
Бул укук коргоо уюмдары да мыйзам долбоорундагы “саясий ишмердүүлүк” деген кеңири түшүнүк кыргыз бийлигине чет өлкөдөн каржыланган каалаган жарандык уюмду жаманатты кылууга же алардын ишмердигин чектеп коюуга мүмкүнчүлүк түзөрүн эскертишкен.
“Иш жүзүндө укук коргоо уюмдарынын жана башка бейөкмөт топтордун ар бир кылган иши “саясий ишмердик” катары саналып калышы мүмкүн. Мисалы, коомчулуктун кызыкчылыгындагы маселелерди элге жеткирүүнү көздөгөн жарандык демилгелер, калктын аярлуу катмарынын укугун көбүрөөк коргоого чакырган аракеттер же социалдык, экологиялык маселелерди чечүүнү талап кылган кадамдар мыйзамдын алкагына кирип калышы мүмкүн. Натыйжада жүздөгөн укук коргоо уюмдары же башка топтор же “чет элдик өкүл” катары катталышы керек, же ишмердикти токтотуу керек деген татаал тандоого туш болушат”, - деп айтылган билдирүүдө.
Ошондой эле Кыргызстанда чет өлкөдөн каражат алган укук коргоо жана коммерциялык эмес уюмдарды “саясатка кийлигишкен” жана “коопсуздукка коркунуч туудурган” топтор катары көрсөтүү аракети болуп жатканы, бул чындыкка дал келбей турганы аталган билдирүүдө белгиленген.
Өлкөнүн ичинен жана сыртынан каражат издөө эл аралык нормаларга каршы келбей турганы, Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарды каржылоо жетишсиз болгондуктан көп биримдиктер сырттан каражат издөөгө аргасыз экени айтылган.
“Бардык коммерциялык эмес уюмдар, анын ичинде чет өлкөдөн каржыланган уюмдар ансыз деле мамлекеттин тыкыр көзөмөлүндө турат. Алар өз ишмердиги жана каржылоо маселеси боюнча мамлекеттик органдарга туруктуу түрдө отчет берип турат. Жарандык коомдун өкүлдөрү белгилегендей, Кыргызстанда мамлекеттик мекемелер жана коммерциялык уюмдар чет элден эң көп жардам алат. Бул фактыны чечим кабыл алуучулар маселе катары көрүшпөйт”, - деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары аталган сегиз эл аралык уюм Кыргызстанда талкуу жаратып жаткан мыйзам долбоору Орусиядагы талаштуу “чет элдик агент” мыйзамынан көчүрүлүп алынганын белгилешкен. Алардын айтымында, бул мыйзам кабыл алынгандан кийин орус бийлиги мамлекеттин саясатын сындаган же социалдык маселелерди көтөргөн маалымат каражаттарын, укук коргоочуларды, адвокаттарды жана журналисттерди куугунтуктаган. Натыйжада далай уюмдар жабылууга аргасыз болгон.
“Чет элдик тыңчы” демилгесинин төркүнү
Орусия “Чет элдик агенттер” жөнүндө мыйзамын 2012-жылы кабыл алган. Ошондон тартып “сырттан каражат алган” же “башка өлкөлөрдүн таасири менен иштеген” жарандарга жана бейөкмөт уюмдарга “чет элдик агент” деген макам тагыла баштаган.
Андан бир жылдан кийин Кыргызстанда да куду ошондой аталышта мыйзам сунушталган. Ага алгач депутаттар Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев автор болушкан. Кийин аларга башка бир эл өкүлү Надира Нарматова кошулган.
Документти изилдеген “Адилет” укуктук клиникасы кезинде ал толугу менен Орусиянын тиешелүү мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктап чыккан.
2015-жылы парламенттин бешинчи чакырылышы тарап, долбоорду 2016-2017-жылдары алтынчы чакырылыш эки окууда жактырган. Бирок мыйзам үчүнчү окууда кабыл алынбай калган.
2022-жылы депутат Надира Нарматова кайрадан жаңы мыйзам сунуштаган. Бул жолу ал сырттан каражат алган уюмдарды “чет элдик өкүл” деп атоо демилгесин көтөргөн.
Адистер депутат Нарматованын жаңы мыйзамы анын мурдагы “чет элдик тыңчы” мыйзамы менен куюп койгондой окшош экенин, болгону андагы “тыңчы” сөзү “өкүл” деген сөзгө алмаштырылганын айтып чыгышкан.
“Адилет” укуктук клиникасы аталган документти да иликтеп, ал Орусиянын “тыңчылар” тууралуу мыйзамы менен 98% окшош экенин аныктап чыкты.
Кантсе да жарым жылдык коомдук талкуудан кийин депутат Надира Нарматова сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке киргизилди. Башында ал өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган.
Бирок мыйзам каралбай жатып, ондон ашык депутат кайра авторлуктан баш тартты. Мунун себебин алар документте ашыкча чектөөлөр киргизилип жатканы менен байланыштырышкан.
3-октябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети "чет элдик өкүл” жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Аны улай 10-октябрда бул документти Жогорку Кеңештин дагы бир комитети - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети карап, анын концепциясын биринчи окууда жактырды. Ошондой эле комитет 17-октябрда парламенттик талкуу өткөрүү чечимин кабыл алды.