Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:43

Талибан Кош-Төбө каналынын биринчи тилкеси курулуп бүткөнүн жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Талибдер башында турган Ооганстандын өкмөтү талаштуу Кош-Төбө каналынын узундугу 108 чакырымды түзгөн биринчи тилкесинин курулушу аяктап, экинчисин баштаганын жарыялады. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы 13-октябрда жазды.

Экинчи тилкесинин узундугу 65 чакырымды түзөт. Анын курулушун Ооганстандын мамлекеттик компаниясы ишке ашырууда.

11-октябрда Балх провинциясында өткөн салтанаттуу аземде Талибан өкмөтүнүн бир катар мүчөлөрү катышты. Алар Кош-Төбө каналынын экономикага жана айыл чарбасына келтире турган пайдасы тууралуу айтып, бул канал чейрек миллион адамды жумуш менен камсыздарын белгилешти.

Тышкы иштер министринин орун басары Шермухаммад Аббас Станикзайдын айтымында, Ооганстан Амударыядан сууну эл аралык эрежелерге ылайык аларын жана кошуна мамлекеттерге тынчсыздануунун кажети жок экенин билдирди.

Буга чейин адистер Кош-Төбө каналы курулуп бүтсө, Борбор Азиядагы эң ири Амударыядагы суунун үчтөн бир бөлүгү Ооганстандын түндүк аймактарына бурулуп, Өзбекстанда суу таңкыстыгы жараларын эскерткен. Өз тынчсыздануусун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да билдирген.

Ооганстандагы Кош-Төбө каналынын курулушу быйыл мартта белгилүү болгон. План боюнча анын жалпы узундугу 285 чакырым, туурасы 100 метр, ал эми тереңдиги 8,5 метрди түзөт. Талибдердин эсебинде, беш жылда курулуп бүткөндө бул канал Ооганстандын түндүгүндөгү үч районду суу менен камсыздашы керек.

Канал Өзбекстанды, Түркмөнстанды жана Тажикстандын көп бөлүгүн суу менен камсыздаган Амударыядан башталат.

"Азаттыктын" ооган кызматы жазгандай, Кош-Төбө каналынын курулуш долбоору өткөн кылымда, өлкөнүн биринчи президенти Мухаммад Дауд Хандын бийлиги учурунда иштелип чыккан.

XS
SM
MD
LG