Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:35

Мирзиёев, Бердымухамедов, Рахмон жана Токаев КМШ саммитине катышуу үчүн Бишкекке келди


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди Акылбек Жапаров тосуп алып жаткан учуру.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди Акылбек Жапаров тосуп алып жаткан учуру.

13-октябрда Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекке келип түштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Президенттик администрациясы кабарлады.

Алар 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Президенттерди “Манас” эл аралык аэропортунан Президенттин администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

Орусиянын президенти Владимир Путин саммиттен бир күн мурун, 12-октябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келген. Беларустун башында турган Александр Лукашенко жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев да 12-октябрдан Кыргызстанга конушкан.

Быйыл КМШга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин саммити Кыргызстандын төрагалыгы астында өтөт. Бул жолку саммитке Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келүүдөн баш тартты. Молдова жыл башынан бери уюмдан чыгуу аракетин көрүп жаткандыктан, жыйынга катышпайт.

КМШ саммитинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүү жана чыңдоо боюнча чечимдер кабыл алынарын президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев 4-октябрда билдирген.

12-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму өттү. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Орусиянын, Беларустун, Азербайжандын, Түркмөнстандын, Тажикстандын министрлери жана Армениянын тышкы иштер министринин орун басары катышты. Жыйын соңунда жалпысынан 17 документке кол коюлду.

КМШнын курамына Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан кирет. (ErN)

XS
SM
MD
LG