Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:28

Чолпон-Атанын мурдагы мэри Көлбаевдин кримтобунун курамында болгонун мойнуна алды


ИИМ жарыялаган сүрөт.
ИИМ жарыялаган сүрөт.

Чолпон-Ата шаарынын мурдагы башчысы Мирлан Маратов алдамчылыкка шектелип кармалды. Ички иштер министрлигинен 13-октябрда кабарлашкандай, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренесинин негизинде иш козгоп, тергөө жүргүзүп жатат.

“2021-жылдын күзүндө аталган жаран Бишкек шаарынын жашоочусунун 10 миң доллар акча каражатын алдоо жолу менен ээлеп алган. Алгач ал күрөө катары “Лексус” үлгүсүндөгү автоунаасын, каттоо күбөлүгүн жана ишеним катын калтырган. Бирок көп өтпөй кайра барып, “шашылыш ишим бар” деген шылтоо менен машинаны бир аз убакытка бере турууну суранган. Бирок кийин аны башка адамга сатып жиберген”, - деп билдирди ИИМ.

Шектүү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени, ал “криминалдык авторитет менен тыгыз байланышта болгону” маалымдалды. Милиция жарыялаган видеодо Маратов Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турарын айтты.

Ачык булактардагы маалымат боюнча, 47 жаштагы Маратов 2010- 2013-жылдары Чолпон-Ата шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп иштеген. 2020-жылы "Мекеним Кыргызстан" партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG