Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Болгария: 12 киши орус армиясына товар экспорттоого шек саналып кармалды


Болгариянын башкалаасы - София шаары. Иллюстрациялык сүрөт
Болгариянын башкалаасы - София шаары. Иллюстрациялык сүрөт

Болгарияда Украинага кол салган орус аскерлерине эки максатта пайдаланылчу товар сатууга шектелген 12 кишиден турган топ кармалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» болгар кызматы жазды.

Болгариянын баш прокурорунун орун басары Мария Павлова маалымдагандай, кармалгандар арасында орусиялыктар, беларустар жана бир албаниялык киши бар. Бешөөнө кылмыштуу топко мүчө болуу жана мыйзамсыз экспортко катышуу боюнча айып тагылды.

Өлкөнүн Улуттук коопсуздук агенттиги товарлар Орусиянын Аскердик чалгын башкармалыгынын күчтөрүнө, Улуттук гвардиясына, чеченстандык батальондорго жана «Вагнер» жеке менчик компаниясынын согушкерлерине багытталганын билдирди. Экспорттолгон товарлар арасында оптикалык мээлегичтер, биноклдар, авиациялык радиостанциялар жана программалык камсыздоо жабдыктары болгон.

Мындай товарларды Болгариядан Экономика министрлигинин уруксаты менен гана алып чыкса болот. Маалыматка караганда, кармалгандарда андай уруксат документтери болгон эмес.

XS
SM
MD
LG