Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

Акыйкатчы тергөө абагына камалган төрт өспүрүмдү бошотууга чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте ээнбаштыкка айыпталып жаткан төрт өспүрүмдүн камакка алынышына байланыштуу бүгүн 11-октябрда акыйкатчы Жамила Жаманбаева тынчсыздануусун билдирип, сот жана прокуратура органдарын балдардын укугун сактоого, аларды тергөө абагынан бошотууга үндөдү.

Кылмыш-жаза кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен анча оор эмес кылмышка айыпталып жаткан 14-16 жаштагы төрт өспүрүмдү Бишкектин Свердлов райондук соту 26-ноябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарганы белгилүү болду.

Бирок, омбудсмен кеңсесинин маалыматына караганда, судья өспүрүмдөрдүн өзүлөрүнүн көрсөтмөсүн укпай койгон жана Свердлов райондук үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлүнүн балдарды камакка албай, ата-энесинин жоопкерчилигине өткөрүп берүү тууралуу жүйөлөрүн көз жаздымда калтырган.

Судья Жогорку соттун пленумунун өспүрүмдөр өзгөчө оор кылмыш жасаган, тергөө органынан качып жүргөн учурда же бөгөт чарасын бузганда гана камакка алынышы керектиги жөнүндө токтомун эске албаганы да белгиленди.

Балдарды камакка алуу тууралуу чечим чыгарганда Кыргызстандын өзүнүн жана эл аралык принциптери менен нормалары эске алынбаганы айтылды.

Жогорку соттун басма сөз кызматы акыйкатчынын бул маалыматы боюнча комментарий даярдалып жатканын кабарлады.

Соңку жылдары өлкөдө кылмыш жасаган өспүрүмдөрдү сотко жеткирбей, түшүндүрүү иштери менен туура жолго салуу максатын көздөгөн ювеналдык юстиция ыкмасы жайылтылып келатат.

Оор кылмыш кылгандар №14 колонияга жөнөтүлөт. Ал өспүрүмдөр кармалуучу жалгыз абак, Чүйдүн Вознесеновка айылында жайгашкан.

XS
SM
MD
LG