Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

Эстония Финляндия менен туташтырган газ куурунун бузулушун иликтөөдө


 Balticconnector куурундагы компрессор станциясы. Иллюстрациялык сүрөт
Balticconnector куурундагы компрессор станциясы. Иллюстрациялык сүрөт

Эстония менен Финляндияны байланыштырган газ кууруна күч колдонуу менен атайлап зыян келтирилген. Бул тууралуу Эстониянын коргоо министри Ханно Певкур 11-октябрда билдирди. Министр кандай күч колдонулганы такталып жатканын кошумчалады. Бир күн мурда Финляндиянын премьер-министри Саули Ниинистө газ кууру бутага алынганын айткан.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг маанилүү инфраструктурага сокку урулган болсо, альянс чечкиндүү жооп кайтарарын эскертти. Маселе 11-октябрда аскердик блоктун коргоо министрлеринин жыйынында талкууланмакчы.

Балтика деңизинин түбүндө курулган Balticconnector кууру Финляндиянын Инкоо шаары менен Эстониядагы Палдискини туташтырат. 8-октябрга караган түнү андагы басым төмөндөп кеткенде операторлор түтүктү токтотушкан.

Финляндиялык Gasgrid энергетикалык компаниясы куурду оңдоого бир нече ай кетерин билдирди. Ошол эле маалда операторлор кышкысын Финляндия менен Эстониянын жаратылыш газга болгон муктаждыгын башка булактардын эсебинен жапса болорун айтышууда.

Газ кууру менен кошо телекоммуникация кабели да жабыркаган.

Кремль шаршемби күнү Balticconnector газ куурунун бузулушу тууралуу кабар тынчсыздантарын жана окуя боюнча кошумча маалыматты күтүп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG