Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:27

Москванын метросунда эки поезд кагылышты


Москвадагы метро. Иллюстрациялык сүрөт
Москвадагы метро. Иллюстрациялык сүрөт

Москвада "Печатники" метро станциясында эки поезд кагылышты. Төрт киши, арасында машинист жабыркаганы кабарланды. Орус башкалаасынны мэри Сергей Собянин жүргүнчүлөр арасында "олуттуу жараат алгандар жок" экенин билдирди.

Бир жүргүнчү медициналык жардам алды. "112" деген Телеграм-каналы кырсык болгон жерге 20 Тез жардам машинасы жөнөгөнүн маалымдады.

Москванын Транспорт департаменти билдиргендей, "депого бараткан жүргүнчү ташыбаган поезд станцияда турган поездди сүзүп алган".

"Люблино" жана "Дубровка" станцияларынын ортосундагы каттам токтоп турат.

XS
SM
MD
LG