Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:41

Санкт-Петербургда согушка каршы чыккан студент окуудан чыгарылды


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында согушка каршы чыккан студент Дмитрий Кузьмин Герцен атындагы педагогикалык университеттен айдалды. Ал сентябрдын аягында урушту сындаган пикет өткөргөнүн Sota Телеграм каналы жазды.

Кузьмин Казан соборунун алдына “Силердин жана биздин эркиндигибиз үчүн, Украина үчүн тынчтык, Орусия үчүн эркиндик!” деген плакат көтөрүп чыккан. Акциядан кийин ал окуу жайдын тартип комиссиясына чакырылган.

Орусия былтыр февралда Украинага согуш ачкандан бери урушту сындаган бир канча активист сот жообуна тартылган. Аларга көбүнчө "жалган маалымат таратты" же "армияны жаманатты кылды" деген айыптар коюлат. Орусиялык айрым жарандар согушка каршы турумунан улам өлкөдөн чыгып кетишкен.

XS
SM
MD
LG