Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

Кыргызстанда аба ырайы суук болуп, үшүк жүрөт


13-15 октябрь күндөрү Кыргызстанда аба ырайы туруксуз болуп, көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Чүй, Талас облустарынын тоолуу аймактарында карга айланат. Тоолорго кар жаайт. Айрым жерлерде жаан катуу жаайт.

Абанын температурасы бул күндөрү Чүй, Талас облустарынын тоолуу аймактарында түнкүсүн -1…-3° чейин төмөндөп, үшүк жүрөт.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө түндө абанын табы 2…7° чейин төмөндөп, күндүз 11…16° болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6°, айрым аймактарда 0…-2° чейин суу болуп, үшүк жүрөт, күндүз 5…10° жылыйт.

Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…+2°, күндүз 4…9°, тоолуу аймактарында түнкүсүн -2…-7°, күндүз 1…6° болот.

Тоолуу аймактарда түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа кыймылына, байланыш, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишине, мал-жанды жайытта кармоодо ыңгайсыздык жаратат.

Талааларда жыйнала элек мөмө-жемиш, жашылчаларга, казылган картөшкө менен кызылчаны үшүк алып кетүү коркунучу бар.

XS
SM
MD
LG