Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:49

Казакстан зилзалада зыян тарткан Ооганстанга куткаруучу жөнөттү


Жер титирөөдөн кийинки куткаруу иштери.
Жер титирөөдөн кийинки куткаруу иштери.

Кыйраткыч жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн Ооганстанга казакстандык куткаруучулар тобу жөнөп кетти.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 10-октябрда билдиргендей, 45 кишиден турган топтун курамында куткаруучулардан тышкары кинологдор жана дарыгерлер бар.

7-октябрда Ооганстандын батышындагы Герат провинциясында күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө болгон. Зилзала 2445 адамдын өмүрүн алганын "Талибан" өкмөтү түзгөн табигый кырсыктарды башкаруу бөлүмү билдирди.

Дагы эки миңден ашуун адам жаракат алган.

XS
SM
MD
LG