Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:18

Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына 7 млн евро грант бөлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдиги Кыргызстандын билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн гранттык негизде 7 млн евро (665 млн сом) берди. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Евробиримдик Кыргызстанга 2023-2026-жылдарга билим берүү тармагын өнүктүрүү стратегияларын ишке ашыруу программасына 27 млн евро бөлгөн. 7 млн евро ошол акчанын алгачкы траншы.

"Программанын алкагында билимдин сапатын жана окуучулардын билим деңгээлин жогорулатууга, билим берүүдө гендердик теңчиликти жана көп тилдүүлүктү өнүктүрүүгө, мамлекеттик каражаттарды башкарууну жакшыртууга көмөк көрсөтүлөт. Финансы министрлиги акчаны билим сапатын жогорулатууга, окуу китептерин сатып алууга жана бардык мектептерди интернет менен камсыздоого сарптоону максат кылат", - деп жазылган маалыматта.

Кыргыз өкмөтү былтыр бюджетти колдоо үчүн эл аралык донорлордон 180 млн. доллар алган, анын 50 миллиону грант. 2021-жылы мамлекеттик инвестициялар аркылуу ири долбоорлорду ишке ашырууга жана бюджетти колдоого эл аралык донорлордон жалпы 447 милион 585 миң 394 доллар алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG