Рахмондун бешинчи кызынын дары-дармек империясы
“Азаттыктын” тажик кызматы – “Озоди” радиосу жарыяланган иликтөөсү тажик президенти Эмомали Рахмондун кызы Парвина Рахмонова Тажикстандагы ири фармацевтикалык компаниялардын бирине ээлик кыларын көрсөттү. Иликтөөдө Рахмонова административдик ресурстун жана мамлекеттик келишимдердин эсебинен кыйла байыганы айтылат.