Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:27

Журналисттик иликтөө: Көлбаев менен Матраимовду эмне байланыштырат?


Коллаж
Коллаж

«Азаттык» радиосу, OCCRP, «Kloop» жана «Bellingcat» уюмдары кыргыз бажысындагы көмүскө схеманы эки жылга чукул иликтешкен. 2020-жылы журналисттер бири-бири менен байланышы жок үч булактан бажы кызматынын мурдагы аткаминери Райымбек Матраимов менен кылмыш дүйнөсүнүн анабашы Камчыбек Көлбаевдин мамилеси тууралуу маалыматты тактап, таап чыгышкан.

(Үч жыл мурун жарыяланган иликтөөнүн кыскартылган вариантын сунуштайбыз)

2020-жылдын этегинде жарыяланган иликтөөдө журналисттер Матраимов менен Көлбаевдин байланышын далилдеген Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Каганат” менчик эс алуу жайын табышкан.

Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованын «Каганатта» эс алып жүрүп түшкөн сүрөттөрүнөн журналисттер ал кайсы коттеджде токтогонун аныкташкан.

Тургунова «Инстаграм» баракчасына ошол жылы 2-августта койгон сүрөттөр буга алгачкы далил болуп калды. Анын кынаптап салынган, өзгөчө жарыктандырылган жолдо басып бараткан сүрөттөрү менен көлдөгү эс алуучу жайлардын жандоочтон тартылган сүрөттөрүн салыштырып, бул жерди так аныкташкан.

Тургунова Ысык-Колдүн жээгинде эс алууда. (Булагы: Тургунованын «Instagram» баракчасы).
Тургунова Ысык-Колдүн жээгинде эс алууда. (Булагы: Тургунованын «Instagram» баракчасы).

Тургунова дагы бир сүрөткө вилланын ак таш же шагыл төшөп кооздолгон короосунан түшкөн. Ал аркылуу кабарчылар жандоочтогу сүрөттөрдөн «Каганаттагы» Матраимовдор турган вилланы табышкан.

Ошол жылы «Каганатка» барып кеткен кабарчыбыз ал үйдүн жанынан өтүп баратып, Тургунованын уулу Бакайды футбол ойноп жаткан эркектердин арасынан көрүп, Матраимовдор ал жакта эс алуусун улантып жатканына ынанган. Ал жердеги башка үйлөрдөн айырмаланып, Матраимовдор турган вилланын короосу дарбаза менен корголуп, дүпүйгөн бак-шак менен курчалган экен.

Кийинки жолу барганда кабарчыбыз эс алуу жайын кайтарган сакчыларга Матраимовдордун дарегине кат калтырып кетүүнү суранганда, алар адегенде макул болушкан. Бирок кабарчыбыз «өз колдоруна тапшырышым керек эле» деп суранганда, сакчы ичкери кирип кетип, бирөө менен телефондон сүйлөшкөн соң «андай аттуу адамдар «Каганатта» жашабайт» деп кескин жооп узаткан.

Расмий жер каттоонун документтеринде бул жай «Имиджстрой» курулуш компаниясына таандык болуп чыккан. «Имиджстройдун» ээси, мурдагы депутат Сергей Ибрагимов комментарий берүүдөн баш тарткан.

«Каганаттын» чыныгы кожоюну Камчы Көлбаев экени ал жердегилерге маалым. Коопсуздугунан чочулап аттарын ачык айтпаган Чолпон-Ата шаарынын төрт тургуну ал жердин ээси Көлбаев экенин биздин кабарчылар жакында барганда ырастады.

Ошол жердеги бир нече тургун бул курулуштун артында мафиянын башчысы турарын бышыктаган. Өзүн кардар катары тааныштырган кабарчыга «Имиджстройдун» жогорку кызматтагы өкүлү да Көлбаевди ал жердин «ээси» деп ырастаган.

Матраимов үй-бүлөсүнүн Көлбаевдин тандалма адамдар үчүн курулган эс алуу жайындагы виллада турганы мурдагы бажычы менен криминалдык авторитеттин көмүскө байланышынын далилин арттырат.

«Каганаттын» көл үстүндөгү фитнес жайы. Булагы: OCCRP
«Каганаттын» көл үстүндөгү фитнес жайы. Булагы: OCCRP

Чолпон-Атада көл жээгине курулган «Каганат» турак-жай комплекси коттедждеринин чоңдугу, дүпүйгөн жапжашыл бак-шагы менен өзгөчөлөнөт. Эс алуу жайы тегерете курчалып, катуу кайтарылат. Ондогон вилладан тышкары «Flamingo Bay» эксклюзивдүү рестораны, бассейни, балдар ойноочу аянтчасы, менчик пляжы, көл үстүндө курулган машыгуучу залы, футбол талаасы жана апартамент имараттары бар.

"Каганат" Чолпон-Атанын көл жээгинде жайгашкан. Булагы: «Google Maps»
"Каганат" Чолпон-Атанын көл жээгинде жайгашкан. Булагы: «Google Maps»

Саймаити: “Алар абдан коркунучтуу

«Азаттык» радиосу, OCCRP, «Kloop» жана «Bellingcat» уюмдарынан иликтөөсүндөгү дагы бир булак - акча адалдоочу, кийинчерээк Стамбулда киши колдуу болгон Айеркен Саймаити эле. Өзүн акча адалдаштыруунун адиси катары тааныштырып, Матраимов аралашкан аткезчилик схеманын бетин ачууга көмөктөшкөн уйгур жигит Көлбаевдин атын бир нече жолу атаган. Саймаити Көлбаевди Матраимовдун «өнөктөшү жана коргоочусу» деп сыпаттаган.

Айеркен Саймаити ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөт)
Айеркен Саймаити ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөт)

Бажыдагы көмүкө схеманын бетин ачкан алгачкы документтерге таянган «Азаттыктын» иликтөөсү 2019-жылдын май айында чыккан. Саймаитинин сөзүнө караганда, андан кийин Көлбаевдин атынан коркутуу менен коштолгон телефон чалуу бир нече жолу болгон. Криминалдык дүйнөнүн анабашы ал кандайдыр бир документтерди журналисттерге берген-бербегенин тактап, мындан кийин андай байланышты токтотушун, айрыкча Матраимовго барып такалган акча которуу фактылары тууралуу кагаздарды эч кимге бербешин талап кылган.

«Алар абдан коркунучтуу, - деген эле Саймаити. - Бир барак кагаз менин тагдырымды чечип коёт».

Андан көп узабай Саймаитинин Кыргызстандан Түркияга накталай акча ташып жүргөн курьеринин сөөгү машинесинин багажнигинен табылган. Нес болгон Саймаити коркуп калганын, бул иш «Камчынын балдарынын» же «Матраимовдун жигиттеринин» колунан келген болушу мүмкүн экенин айткан.

Саймаити өзү бир нече аптадан кийин табышмактуу жагдайда киши колдуу болгон.

Чолпон-Атадагы байланыштар

Көлбаев туулуп өскөн Чолпон-Ата шаарында анын таасири эбегейсиз болгону эч кимге жашыруун эмес. Шаардын мурдагы эки мэринин Көлбаев менен байланышы бар экени белгилүү.

Мирлан Маратов 2010-2013-жылдары Чолпон-Атанын мэри болгон, өзгөчө жүрүм-туруму менен таанылган. 2015-жылы парламенттик шайлоо күнү мас абалында «шайлоо тилкесинде жардыруу болот» деп телефондон коркутканы үчүн камалган. Ал Чолпон-Атанын тоосундагы Көлбаевдин энесине тиешелүү спорттук жана ден соолукту чыңдоочу комплекстин директору болуп турган.

Талант Сарбагышев - Чолпон-Атанын экс-мэри, мурдагы милиция кызматкери, Матраимовдун өнөктөштөрүнүн пайдасына чечилген корпоративдик рейдге учкай катышып калган.

Жеке коопсуздуктан улам аты-жөнү айтылбаган, ишти ичинен билген үч башка адам Сарбагышевдин Көлбаев менен байланышы бар экенин ырастаган. Ал Көлбаевге тиешеси бар деген «Табылга» партиясынын өкүлү катары мэрлик кызматка шайланган. Сарбагышев 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоодо Матраимовдордун «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде болчу.

Ал Көлбаев менен байланышы тууралуу суроого жооп берип жатып, Чолпон-Ата чакан шаар экенин айткан. «Мен аны (Көлбаевди) жети жашымдан бери тааныйм. Аны жашырбайм». Чолпон-Атанын ал кездеги мэри анын ишмердигине Көлбаевдин таасири жок деп белгилеген.

2019-жылдын башынан тарта «Азаттык» радиосу, OCCRP жана «Kloop» Райымбек Матраимов бажыда кызматта турганда кантип көмүскөдөгү аткезчиликти калкалап турганынын бетин ачкан кеңири иликтөөлөрдү жарыялаган.

XS
SM
MD
LG