Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:55

БУУ Гаитидеги кылмыштуу топторго каршы миссияга уруксат берди


Гаити полициясы.
Гаити полициясы.

Бириккен Улуттар Уюумунун (БУУ) Коопсуздук Кеңеши Гаитидеги кылмыштуу топтор менен күрөшүү үчүн чет элдик миссияга уруксат бергенин Reuters агенттиги жазды. Аны ишке ашыруу убактысы азырынча белгисиз.

Гаити бир жыл мурун БУУдан жардам сураган. Бул убакыт аралыгында бир дагы өлкө макул болгон эмес. Быйыл июлда Кения Гаитиге 1000 полиция кызматкерин жөнөтүүнү убада кылган. Андан соң Багам аралдары Гаитинин коопсуздугун камсыздоо үчүн 150 кишини берүүгө макул болгон. Кийинчерээк Ямайка, Антигуа жана Барбуда кошулду.

Коопсуздук кеңешинин чечимине ага мүчө 13 мамлекет макул деп добуш берди, Орусия менен Кытай калыс калды.

АКШ аскерлерин жөнөтпөйт, бирок миссияга 100 миллион долларлык логистикалык, каржылык жардам көрсөтүүнү пландаштырууда. Анын ичине чалгындоо, аба аркылуу жүк ташуу, байланыш жана медициналык колдоо камтылышы мүмкүн.

Гаитидеги кылмыштуу топтор 2021-жылдын июлунда өлкөнүн президенти Жовенел Моисе өлтүрүлгөндөн кийин күч алган. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин акыркы отчетуна ылайык, алар баш калаанын 80% көзөмөлдөйт. .

Гутеррештин баяндамасына ылайык, 2022-жылдын октябрынан 2023-жылдын июнуна чейин Гаитиде аялдар менен балдарды кошкондо 2728 адамды өлтүрүлгөн. Кыз-келиндер, балдар зордукталган жүздөгөн фактылар бар.

Гаитиде кылмыштуу топтор тургундарды уурдап, кун талап кылат. Гутеррештин айтымында, коркунучтан улам дээрлик 130 миң адам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG