Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:07

Кендирбаева: Мугалимдерди иш-чараларга тартуу окуу процессин үзгүлтүккө учуратууда


Догдуркүл Кендирбаева.
Догдуркүл Кендирбаева.

Кыргызстанда мугалимдердин ишембиликке жана массалык иш-чараларга тартылып жатышы окуу процессин үзгүлтүккө жаратып жатат. Мындай пикирин билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева 3-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ал мугалимдер өзүнүн тармагы боюнча гана иш-чараларга катышуусу керектигин кошумчалады. Бул боюнча мыйзамда да каралганын, анда окуу процессине тоскоол болчу иш-чараларга тыюу салынганын белгиледи.

Мугалимдердин массалык иш-чараларга милдеттүү катыштыруу маселеси коомчулукта утур-утур талкууланып келет. Буга чейин мугалимдерди шайлоодо үгүт иштерине катыштырган учурлар да катталган.

Парламенттеги тармактык комитет 3-октябрдагы жыйында билим берүү жана илим министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин карап, жактырды. Аны президент Садыр Жапаров 28-сентябрда министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындаган.

Догдуркүл Кендирбаева “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун аткаруучу директору болуп иштеп келген. Ал 2012-жылдары билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG