Түркиянын борбору Анкарада жардыруу жасагандар Кайсериде бир адамды өлтүрүп, анын автоунаасын айдап кеткени айтылууда. Бул тууралуу Reuters агенттигине жогорку мартабалуу аткаминер билдирди. Кайсери баш калаадан 260 чакырым алыста жайгашкан.
1-октябрь күнү эртең менен Анкара шаарында Ички иштер министрлигинин имаратынын кире беришинде жанкечти өзүн жардырып каза болду. Расмий маалыматта анын дагы бир шеригин полиция өлтүргөнү айтылат. Ички иштер органынын эки кызматкери жараат алды. Бийлик муну теракт аракети деп мүнөздөдү.
Интернетке чыккан тасмаларда министрликтин жанына токтогон автоунаадан бир адам чыгып, имараттын кире беришинде өзүн жардырганын көрүүгө болот.
Түркия парламентинин имараты Ички иштер министрлигине жакын жайгашкан. Депутаттардын жайкы каникулдан кийинки биринчи жыйыны жекшембиде башталмак.