Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:08

Анкарада ИИМ имаратынын жанында жанкечти өзүн жардырды


Түркиянын Анкара шаарында Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында 1-октябрда белгисиз жанкечти өзүн жардырып жиберди. Расмий маалыматта ал каза болгону, дагы бир шеригин полиция өлтүргөнү айтылат. Министр муну теракт аракети деп мүнөздөдү.

Haberturk басылмасы эки адам автоунаада министрликтин алдына келип, жардырууну ишке ашырганын тактады. Окуяда эки полиция кызматкери жараат алды.

Ички иштер министрлигинин жанында Түркия парламентинин имараты жайгашкан. Депутаттардын жайкы каникулдан кийинки биринчи жыйыны жекшембиде башталмак. Болжолдуу маалыматтарга караганда, террорчулар деп мүнөздөлгөн кишилер парламенттин жыйыны башталар алдында, депутаттарды бутага алууну көздөшкөн.

XS
SM
MD
LG