Жогорку Кеңеште Ала-Бука районундагы кытайлык компания казган Иштамберди алтын кенин улутташтыруу маселеси көтөрүлдү.
Сентябрь айында парламенттин тармактык комитетинин жыйынында депутат Алишер Эрбаев "Фулл Голд Майниг" келишимдеги милдеттерин аткарбай жатканын сындап, ушундай кадамга барууну cунуштады.
Анда Чаткал районундагы алтын казуу маселелери, Беш-Арал коругунун айланасындагы жагдай, "Эти Бакыр Терексай", "Вертекс Голд Компаниге" байланыштуу көйгөйлөр айтылып, өкмөт өкүлдөрү маалымат берген.
Иштамбердиде "илинчектер" барбы?
Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети ушул жылы май айында Чаткал менен Ала-Букадагы алтын казуудан чыккан маселелерден улам жеринде көчмө жыйын өткөргөн.
Анын жыйынтыгында кен казган компаниялар, аларга айтылган сын-дооматтарды териштирүү тууралуу өкмөткө бир катар тапшырмалар берилген.
Аталган комитет 11-сентябрдагы жыйында бул маселеге кайра кайрылды.
"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Алишер Эрбаев Иштамберди кенин казган кытайлык "Фулл Голд Майнинг" компаниясы келишимдин бир катар жоболорун бузганын айтып, кенди улутташтырууга негиз жетиштүү экенин билдирди. Компаниянын кожоюндары үчүнчү ирет алмашканын жарыялады.
"Булар ишин азыр ашар жолу менен алып барууда. Биз кенди улутташтыргыла деп тапшырма бергенбиз. Лицензиясын токтотуп, Кумтөр сыяктуу эле улутташтырып, мамлекетке өткөрүп, өкмөткө иштесин дегенбиз. Эмне үчүн дегенде ал жерди көргөндө үрөйүң учат. Канча жолу адам өлүмү менен аяктаган окуялар болду. Уу калдыктар сакталган жайы жана башкасына байланыштуу чоң суроолор бар. Аларга кемчиликтерин жоюу тууралуу 100дөн ашык эскертүү берилген. Аны карап да коюшкан жок. Биз барып текшерип, көрүп келгенбиз. Мен "Фулл Голд Майнингди" изилдеп көрдүм, бул жерде аны улутташтырууга мүмкүнчүлүк бар. Азыркы күндө алар үч лицензиялык аянтта иш жүргүзүп жатат. "Фулл Голд Майнинг" биздин лицензияны Кытайда ушуну менен үчүнчү жолу сатып жатат. Бул тууралуу маалыматыңар барбы? Булардын ээси үчүнчү жолу алмашып жатат. Булардын аты эле калды, ээлеринин баары алмашып кетти. Юстиция министрлигине өзгөртүү киргизилген жок. Эмне, биздин мамлекеттин жери, казынасы чет элдиктерге таандык болуп калганбы?".
Эрбаев аталган компанияны кошумча лицензияларды мыйзамсыз алган деп айыптады. Буга байланыштуу өкмөт өкүлдөрү жетиштүү чара көрбөй жатканын билдирди.
"Өкмөттүн 2008-жылдагы токтомунда булардын 1315 АЕ деген бир эле лицензиялык аянты көрсөтүлүп жатат. Мамлекет аларга бир эле лицензия берген. Калган үч лицензияны аларга кандай жол менен бердиңер? Ал лицензиялар аукцион жана башка жолдор аркылуу берилиши керек эле. Биз алардын уу калдыктар сакталган жайын көрдүк. Учурда ал жайы толуп калган. Анын экспертизасы дагы, планы дагы жок. Кооптуу абалда турат. Кышында суу көп болуп жарылды, андан аккан суу Терек-Сай суусуна кошулду. Кытайлык компания өндүрүштө цианидди иштетип жатат. Ал сууну Ала-Бука, Чаткалдагы төрт-беш айыл колдонот, андан ары Өзбекстан колдонот. Сөзсүз эле ошол жерден адам өлүшү керекпи? Же бир техногендик кырсык, же экологиялык кырсык болушу керекпи? Биз ошондо гана чыгабызбы? Ошол лицензияны алгандар качып кеткенден кийин алар калтырган кесепет менен күрөшөбүзбү? Эч кандай жумуш жасалган жок. Ал жакты көргөн мышык деле ыйлайт. Келишимге ылайык, "Фулл Голд Майнинг" токойдогу, айыл чарбадагы жоготуулардын баарын төлөп бериши керек. Он жылдан бери иштеп жатат, токойдогу жоготуу боюнча бир аз гана төлөптүр, айыл чарбадагы жоготууну, 160 миң сомдон ашык акчаны болсо төлөй элек. Муну эмне себептен силер карабайсыңар? Мен бул маселени былтыртан бери көтөрүп жатсам, алар мага Биринчи Май жана Өрүктү айыл өкмөтү менен эки келишимди түзүп алып келишти. Анда эки айыл өкмөтүнө 80-90 миң сомдон которуп беребиз дешкен. Ал акча бүгүнкү күнгө чейин төлөнбөй келет. Ушул жагдайдын баары алардын лицензиянын кайтарып алганга, улутташтырууга жол ачып жатпайбы", - деген Эрбаев.
"Фулл Голд Майнинг" дооматтар тууралуу комментарий бере элек. "Азаттык" Ала-Бука районунун акими Кайырбек Чаргынбаев менен байланышты, бирок ал дагы суроолорду жоопсуз калтырды.
Геология кызматынын директорунун орун басары Марат Жусупбековдун ырасташынча, кошумча лицензиялар "Фулл Голд Майнингге" өкмөттөр аралык келишимдин негизинде берилген. Компанияга анын негизинде казуу иштерине уруксат берүү былтыр, 2022-жылы башталган.
"Эки өлкөнүн келишиминен кийин аларга чалындоого лицензия берилген. Ошол чалгындоонун негизинде алар алар ГКЗны баланска коюп, 2022-жылы казуу иштерин жүргүзүү үчүн жерди трансформация кылганбыз. Азыр үч лицензия тең долборлоо этабында турат. Кийинки үч лицензия боюнча казуу баштала элек".
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Медетбек Маметов текшерүүдө кен казууда компаниянын мыйзам бузууларга жол бергени аныкталганын, мындан улам эки лицензиясын жокко чыгаруу сунушталганын айтты.
"Текшерүүдө "Фулл Голд Майнинг" компаниясында 117 жободон турган мыйзам бузуу фактысы аныкталган. Контролдук текшерүүдө мурда берилген эскертүүлөрдүн 88и аткарылбаганы үчүн 409 миң сом айып пул салынып, лицензиялык комиссияга 1315 АЕ, 3110 АЕ лицензияларын токтотууга сунуш берилди".
Буга чейин аталган кенди казуунун айынан жергиликтүү тургундардын саламаттыгына зыяны тийип, оору-сыркоолор көбөйгөнү тууралуу бир катар дооматтар айтылган. Депутаттар буга байланыштуу сууну, абаны текшерүүнү тапшырган.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Артыкбаеванын айтымында, текшерүү толугу менен аяктай элек.
"Ал жакка комиссия жөнөткөнбүз, барып карап келишти. Алар суунун анализдерин алып келди. Биз республикалык лабораторияны жөнөтөлү деп жатканбыз. Абаны биздин республикалык лаборатория гана текшере алат. Ал жерде реактивдер жетпегени үчүн бир аз кармалып калды. Бригада ошол реактивдерди дайындап жатат. Жакында жөнөтөбүз. Жыйынтыгында аларга биздин текшерүүбүздө табылган жагдайлардан улам, медициналык кароолордон улам аларга эскертүүлөр берилген. Ошо биз берген эскертүүлөр аткарылып-аткарылбаганын текшерүү үчүн жакында дагы текшерүүгө барабыз".
Расмий маалыматка ылайык, Иштамбердиде 40 тоннадай алтын бар. Бирок жергиликтүү тургундар кенде кеминде 80 тоннадай алтын жатышы мүмкүн деп боолгоп жүрүшөт.
Аталган кен 2008-жылы "Кен байлыктарын инвестицияларга алмашуу" деген программанын алкагында "Фулл Голд Майнингге" берилген. Келишимге ылайык, кытайлык компания жалпысынан 112 миллион доллар инвестиция салуу милдетин алган.
Документтеги шарттарга ылайык, компания 2009-жылы Ош - Сары-Таш - Эркечтам жолунун 50 чакырымын өз эсебинен асфальттап берген. Бул жолдун долбоору 25 млн 300 миң долларга бааланганы жарыяланган.
"Фулл Голд Майнинг" 2016-жылы гана Иштамбердиде алгачкы алтын аралашкан куймалар өндүрүлө баштаганын билдирген. Жергиликтүү тургундар буга чейин бир канча жолу нааразылык акциясына чыккан. Алар инвестициялык макулдашуунун шарттарын кайра кароону, кенди иштетүүдөгү экологиялык жана техникалык ченемдердин сакталышын тартипке салууну талап кылган. "Азаттык" аталган кендин айланасындагы чырды иликтеген, макалаларды жазган.
Расмий соңку маалыматта айтылгандай, Ала-Букада кен казууга жалпысынан 43 лицензия берилген. Анын үчөө изилдөөгө, 24ү чалгындоого, калган 29у кен казуу алынган. Учурда үч компания иштеп жатат, Алардын экөө, тактап айтканда "Фулл Голд Майниг" менен "Каз Минералс Бозумчак" тамырлуу алтын кенин казат, дагы бир компания чалгындоо жүргүзүп жатат.
Быйылкы текшерүүдө Бозумчак кенин казган казакстандык компания 85 жободон турган ар кандай мыйзам бузууга жол бергени аныкталып, 12 протокол түзүлгөн жана 204 миң сом айып пул салынган.
Эми Чаткалдагы кен казуудагы жагдайларга, маселелерге кайрылалы.
Беш-Аралдын "берекеси" кетеби?
Бул жылы Чаткалдагы Беш-Арал коругунан алтын казуу аракеттерине байланыштуу талаш-талкуу кайра жанданды. Буга кыргыз өкмөтүнүн аталган коруктун 200 гектар жерин трансформациялоого жол ачкан токтому негизи болгон.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон документте "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулган.
Ага ылайык, Чаткалдан Өзбекстандын Ташкент шаарына чейин жол салуу, кыргыз-өзбек чек арасында чек арачылар үчүн тозот куруу, ГЭС салууга жол ачылган.
Өкмөттүн токтомунда "Мурас Синтез" компаниясы тууралуу жазылган.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Медетбек Маметов аталган компания жол салууга байланыштуу иштерди баштаганын билдирди.
"Учурда "Мурас-Синтез" Чаткалда Иманкан тилкесиндеги чек ара тозотуна барчу жолду салып жатканы аныкталды. Жогорудагы токтомдун негизинде Беш-Арал коругунан 200 гектар жер тозот куруу жана жолду оңдоо максатында трансформация болуп, жергиликтүү калкка Өзбекстан менен чектеш жердеги тозотко барчу машина каттаган жолду куруу мамлекет үчүн зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Жол салып жаткан "Мурас-Синтезге" азыр лицензия бериле элек. Маселе ачык турат".
Бирок райондун акими Алтынбек Сеңирбаев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, "Мурас-Синтездин" лицензиясы бар экенин айтты:
"Мурас-Синтез" компаниясынын чачыранды алтын казууга лицензиясы бар экен. Алар азыр жолдорун салып, биринчи жумуштарын баштады. Сүйлөшүүлөр, макулдашуулар боюнча Чаткал менен Ташкентти байланыштыра турган Беш-Арал коругунан өткөн жолду куруп берүү каралган. Андан сырткары биздин чек арачылар ал жакта жайкысын гана иштеп, кышкысын ачык калчу. Ошол жакка дагы чек ара тозотун куруп берүү тууралуу дагы макулдашылган. Ал боюнча дагы иштер жүрүп жатат. Бирок азыр жолду жасап жатат, өздөрү жеткен жолду салгандан кийин чоң жолду салат. Макулдашууга ылайык иштер кетип жатат".
Аталган компания аталган коруктун аймагынан алтын чайкап алуу лицензия алуу, иш баштоо аракеттерин 2017-2018-жылдары эле башталган жана буга байланыштуу "Азаттык" бир катар материалдарды даярдаган.
Убагында райондук прокуратура "Мурас-Синтез" жана Беш-Арал коругунун жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгогону, атайын кызматтын аймактык бөлүмү иликтеп жатканы белгилүү болгон. Бирок тергөө эмне менен аяктаганы белгисиз бойдон калган.
Коруктун жанындагы Ак-Таш айылынын тургуну Эгемберди Кошокбаев чек арачылар үчүн машина менен каттаган жол салынышы керек деп эсептейт. Анын ырасташынча, жергиликтүү тургундар алтын чайкоого, ГЭС курууга макул. Кошокбаев корукка кол тийбеши керек дегендерди айыптады.
"Мен ошол чек арада чоңойгом. 2010-жылы ошол чек арадан мени өзбек чек арачылары кармап кетип, Ташкенттин атактуу таш түрмөсүндө бир ай жатып чыккам. Корук жети ай бою Өзбекстандын колунда калат. Алты-жети ай 52 миң гектар жер кароосуз калат. Биздин чек арачылар май-июнда гана барат. Экинчиден, ошол жакка жол салынып, ГЭС курулуп калса, элге, Кыргызстанга түбөлүк пайда болот. Корук деп көрбөгөн, билбегендер деле айта берет. Корукту Өзбекстан 1973-жылы талашып, алып кое турган болгондо, 1979-жылы түзүлгөн. Ошол жерден эл көчүрүлгөн, Беш-Аралдын айыл деген макамы бар. Эки-үч эле адамдын кызыкчылыгынан улам каршы болуп жатат. Ошолор эле ар нерсени айтып жатат. Алтын казуу Кыргызстандын геологиясынан алыс кетпейт. Ал жерден алтын казганы жаткандар кытайлык же жеке фирма эмес, "Мурас-Синтез" деген Кыргызстандын фирмасы. Мейли, алтынын казсын, жол салууга мамлекеттин күчү жетпейт дейли, ГЭС курса деле ошол алтын жөн эле суу алдында калат да. Андан көрө ал кыргыз мамлекетине пайдаланылганы жакшы эмеспи. Башка кытайлык компанияларга деле чакчалекей кылып берип жатабыз да. Биздин Ак-Таш айылынын эли жол, чек ара бекеттерин, ГЭС салууга макул. Кыйкырып чыккандардын ниети бөлөк".
Бир канча жылдан бери Беш-Арал коругу корголушу керек экенин айтып келген эколог Гамал Сооронкулов азыр аргасы кетип турат. Бул корук 2016-жылы ЮНЕСКОнун мурастар тизмесине кирген.
"Биз "Беш-Аралды канча коргодук. "Тийишпегиле, ал деген ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген корук, жөн корук" эмес деп айтып келдик. ГЭС курабыз деп чыгышканынан мейли эми ГЭС деген керек деп унчукпадым. Андан көп өтпөй эле Ташкентке жол курабыз деген жомокту айтып чыгышты. Ошол да болчу беле? Ал жерден сегиз ай машина жүрбөйт, кар басып жатат. Ташкентке жетчү башка жолдор бар го? Андан кийин чек арачылардын тозотуна жол салабыз дешти. Мен чек арачылардын көбүн таанычу элем. Алар бизге машина жолдун деле кереги жок, биз ат менен деле каттай беребиз дешчү. Эгер жол ачылса ал жакка "ити дагы, кушу дагы" барат. Азыр эми жердин трансформация болуп калганын угуп атам. Корукту коруп жүргөн балдар "Гамал аке, биз 3-0 эсебинде утулдук, корукту алдырып койдук. Керек болсо ошол Ак-Таштын, бери жактагы айылдардын эли дагы ошол тарапка өтүп кетти" дешти. Көрсө баягы эле "Мурас-Синтез" деген компания экен да. Ал жерде эми болбогон эле чакан кендер. Ал жакта күчтүү адамдар турат окшойт, акыры максатына жетти окшойт".
Улуттук илимдер академиясынын кызматкери Адилет Усупбаев бул коруктун уникалдуулугун айтып берди. Анда коруктун жерине байланыштуу экологдордон корутунду алынбаганын белгиледи.
"Бул "Баш-Арал" коругу 1979-жылы ачылган. Ал жак негизинен Батыш Тянь-Шань эндемиги - Мензбир сууру байырлаган жер да. Бул Батыш Тянь-Шанда гана жашаган жаныбар. Ошол корукту ошол жаныбардан улам аны сактайлы деп ачышкан. Андан сырткары жаныбарлардын, куштардын көптөгөн түрү бар. Кызыл китепке кирген жоогазын өңдүү көптөгөн өсүмдүктөргө бай жер. Мензбир сууру Кыргызстандын эле эмес, эл аралык кызыл китепке кирген жаныбар. Корукка эч кандай үй, жол дагы салынбашы керек эле. Коруктун жери трансформация болгону тууралуу бизде маалымат жок. Конституция ылайык биз илимий жактан координациялаган мекемебиз да. Коруктар ачылышы керек, жабылышы керек дегенде Илимдер академиясынын корутунду керек да. Бул корук тууралуу бизге эч кандай маалыматтар келген эмес".
Коруктун жанынан Чаткал суусуна ГЭС салуу аракеттери ушул жылдын башында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгенден кийин жанданган. Анда кол коюлган документтердин арасында Чаткал ГЭСтер каскадын куруу тууралуу меморандум болгон.
Өткөн айдын башында өкмөт Чаткалда ГЭС куруу маселесин иликтеп чыгуу үчүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов башында турган мекемелер аралык жумушчу топ түзгөн жана ага бир ай убакыт берилген. Жумушчу топ кандай тыянакка келгени тууралуу азырынча маалымат бериле элек.
Беш-Арал коругунун жанында ГЭС куруу тууралуу андан кийин, 16-августта Чолпон-Ата шаарында эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында сөз болгон.
Ушул жерден эми чачыранды алтын казуу жагдайына кеңири токтололу.
"Чакчалекейи" чыккан чачыранды алтын
Чачыранды алтын казуунун пайдасынан зыяны көптүгү тууралуу талаш-талкуу токтобой келет. Мындан улам өкмөт токтому менен чачыранды алтын казууга 2020-жылы мораторий кирген. Бирок ошол маалга чейин берилген лицензиялардын мөөнөтүн узартуу каралып калган.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Медетбек Маметовдин маалыматында, бир катар суунун жээгинен алтын чайкаган фирмалар мыйзам бузган учурлар катталган.
"Чачыранды алтын казууга 2020-жылы өкмөт буйругу менен мораторий киргизилген экен. Ошол мораторий бүгүнкү күндө дагы иштеп жатат. Бирок ага чейин берилген лицензиялардын мөөнөтүн узартуу каралып калган экен. Чаткал менен Ала-Бука райондорундагы чачыранды алтын казууга бөлүнгөн жердин чегинен чыгып кеткен жана рекультивация кылбаган бир топ ишканалар аныкталган. Алардын саны 20дай болду. Бул ишканаларга байланыштуу 2022-жылы Башкы прокуратурага жана Улуттук коопсуздук комитетинин Жалал-Абаддагы башкармалыгына материалдар өткөрүп берилип, бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп жатат. Чачыранды алтын казууга жергиликтүү мамлекеттик администрация күбөлүк берет. Башкача айтканда, Чаткал райондук администрациясы тогуз адамга күбөлүк берген".
Улуттук коопсуздук комитетин төрагасынын орун басары Тимур Шабданов парламентте токой чарбасындагы жоготууларга байланыштуу алты кылмыш иши тергелип жатканын бышыктады.
Эколог Гамал Сооронкулов чачыранды алтын казуунун айынан жаратылышка эбегейсиз кесепети тийип жатканын белгиледи.
"Тилекке каршы, ушунча жылдан бери чачыранды алтынды казганды токтото албадык. Жыл сайын чыгам, кыйкырам, журналисттерди алып барам. Кино тартабыз, айтабыз, дейбиз, тилекке каршы жылыш жокко эсе десем болот. Былтыр атайын кызмат киришкендей болду. Камоолор дагы болду, бирок жакшы натыйжа болбоду. Учурда алтынга байланыштуу 100дөн ашык лицензия колдорунда турат да. 100дөн ашык лицензиянын аянты 10 гектардан болгон күндө деле кеминде 1000 гектар жер бар да. Азыр тилекке каршы, 1,5 миңде гектар жер рекультивация болбой, аңырайып жатат да. Болуптур эми, ошолорду камай беришсин, бирок жаратылышты эми ким калыбына келтирет? Азыр ушул маселе турат да. Алар эми ушинтип эле кутулуп кете береби? Баары бир аларды рекультивация жасатыш керек. Бул жерде эки этап менен: техникалык жана биологиялык рекультивация жасалышы керек. Ошол жерде мурда өсүп жаткан өсүмдүктөр кайра өсүшү керек. Рекультивация болбогондун айынан ошол жерди байырлаган жан-жаныбарлар ошол жерге кайра кайтпай калган, жайыттар бузулган. Эң өкүнүчтүүсү токойлор бузулган. Кыргызстандын мактана турган деле токою жок. Токой дегенде эле суу боюндагы токойлорду айтабыз да. Мен азыр чачыранды алтын жагын гана айтып жатам".
Соңку маалыматка ылайык, Чаткалда алтын казууга 140 лицензия берилген. Алардын ичинен эки лицензия изилдөөгө, 72си чалгындоого, 66 лицензия кен казууга берилген. 2023-жылы аталган райондо тогуз ишкана кен казып жатат. Анын ичинен бирөө тамырлуу алтын кенди, жетөө чачыранды алтынды, бирөө сурма кенин иштетип жатат.
Райондун акими Алтынбек Сеңирбавевдин билдиришинче, айрым компаниялар бул жылы толук иштеген жок.
"Быйыл "Эти-Бакыр Терексай" толук иштеп жатты, 350-400дөй жергиликтүү тургунду жумуш менен камсыз кылды. Өнүктүрүү фондуна, жергиликтүү бюджетке акча түштү. "Вертекс Голд" компаниясы деле быйыл иш алып барды, бирок булардын иши быйыл толук болбой калды. Фабрикасы жаңы курулду, расмий ишке киргизе элек. Бирок фабрика алтын чайкаганда кандайдыр бир маселелер жаралып, ошондуктан толук иштеди деп айтканга болбойт. "Кичи-Чааратта" дагы 300дөй жергиликтүү тургун иштеп жатат. Буларда мурун концентрат Кытайга кетчү эле, бирок булардыкы дагы кечигип жатат. Булардыкы дагы жакшы эмес, жылдагыдай эмес. Сатылышы кеч болуп жатат. Компания жез казат, сатуу боюнча иш эми араң жөнгө салынып жатат".
Терексайлыктарды ким угат?
Чаткалда алтын казган "Эти Бакыр Терексайга" байланыштуу нааразылык 2021-жылы жаздан тарта алар Тереккан кенин - Мырзабаев көчөсүнүн так маңдайындагы тоону каза баштагандан тарта башталган. Көп өтпөй ошол кендин так түбүндөгү 62 үйдү көчүрүү маселеси чыккан. Соңку маалыматтарга караганда, учурда 26 үй көчүп кете элек.
Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Алмазбек Сейитов компания сунуштаган акчага жаңы жерге көчүп барып, там-таш куруп жашап кетүүгө мүмкүн эмес дейт.
"Ошол 26 үй-бүлө компания сунуштаган баага көнбөй жатат. Андан сырткары көчүрө турган жер кооптуу болгон үчүн алар чочулап жатат. Себеби, аларга суу жээгинен жер сунуштаган. Бере турган акчасы дагы аз, аны менен андан ары толук жашоо-турмушун уланта албайт. Парламенттин комитетине барганда үнүбүздү толук жеткире алган жокпуз. Ошол жерден мен баарын толук, ачык айтайын дегем, бирок төрага гана сүйлөп, калгандарыбызга сөз берген жок. Азыр чоң үйлөргө 3 миллион сомдон берилет дептир. Чаткал алыскы район, курулуш материалдары абдан кымбат. Шаардагы 10 сомдук буюм бизде мисалы 30 сом. Алар ошол берген акчага үй-жай куруп, жашоо-тирилигин андан ары улап кете албайт. Алар койгон талап деле туура".
Алмазбек Сейитовдун айтымында, азыр "Эти Бакыр Терексай" мектептин так үстүндөгү тоону казып жатат. Ал өзү ушул мектепте мугалим иштейт.
"Мектепке таш тоголонбосун деп миң сомдук торлор менен эле тосуп койгон. Ал торду топ менен бир тепсең деле тешип өтүп кетет. Жанында эле тоо казылып жаткандыктан ал окутууга, билим берүүгө дагы таасирин тийгизип жатат. Мисалы окуучулар спорт аянтчасында жүргөндө же сабак окуп жатканда эскаватордун үнү кадимкидей жаңырып, окуучуларды алагды кылат. 29-апрелде ошол жактан таш кулаган. 8-сентябрда катуу жардыруу болуп, окуучулар чочуп, тамак иччү залга качып киришкен. Комитетке барганда мектеп маселеси чечилмейинче, анын тушундагы тоону казууну токтотуп турууну сунуштаганбыз. Бирок реакция болбоптур. Мен ошол мектепте иштейм, кайра эле чаңын ызгытып, казып жатышат. "Эти Бакыр Терексай" ошол калган 26 үй-бүлөнү көчүрсө гана мектеп салып беребиз дешиптир. Айыл өкмөт мектеп салганга жер да таап берген. Бирок бул маселе кантип чечилет билбейм. Мектептин жанынан экскаватор көрүнсө эле окуучулардын ата-энелери "карабайсыңарбы, айтпайсыңарбы" деп ызылдай башташат. Биз болсо кайрылабыз, ага реакция деле болбойт. Мен ошол таш түшкөн жерлерди бутум менен эсептеп чыккам, мектепке 100 метр жакын түшкөн учурлар болгон. Булар болсо тор тартып койду, бирок ал ташты тосо албайт".
Садыр Жапаров былтыр курултайда жергиликтүү тургундар менен тил табыша албай жаткан "Эти Бакыр Терексай" компаниясы жөнүндө айткан.
"Чынында эле (Чаткалдын) тешилбеген жери калган эмес, баары тешилип бүткөн. Бул жерде "Эти Бакыр Терексай" деген компания бар. Ал Чаткалга бизге чейин келген. Биз жаңы бир дагы лицензия берген жокпуз. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, мен өткөндө адистерди, атайын комиссия жөнөттүм. Аны, "Эти Бакыр Терексайды" 100% мамлекетке алабыз деп азырынча алдын ала сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Үйүмдүн короосу ичкери кирип, берилип кетти деп жатпайсыңарбы. Ошол жерде 62 үй бар эле, анын 40тайы көчкөнгө макул болуп, калган 20сы көчпөй отурат. Алар эми жөн эле талаага көчүрүп жибербей, "эң сонун, заманбап айыл салып берели, ошол жакка көч десе" да көчпөй атышат. Үйүн кымбатыраак сатам деп жатабы же ата конушумду таштагым келбейт деп жатабы, айтор ушул эки себептин бирөө болсо керек. Эгер мамлекетке алып калсак, муну эл менен сүйлөшүп өзүбүз чечебиз", - деген Жапаров.
"Эти Бакыр Терексай" – биргелешкен ишкана, капиталынын 25% “Кыргызалтын” компаниясына, 75% түркиялык "Эти Бакыр" ишканасына таандык. Компания 2015-жылы ноябрда Чаткалдагы Терек, Тереккан жана Перевальное кендерин аукциондо жеңип алган жана 20 миллион доллар төлөгөн.
Садыр Жапаров бул ишканага 2020-жылы күзүндө президенттин дагы, премьер-министрдин дагы милдетин бирдей аткарып турганда барган. Ошол жерде жергиликтүү эл менен жолугушууда дегеле бардык кендерге комиссия жөнөтүп, жагдай, экологиялык дооматтар иликтенип чыгарын убада кылган. Бирок комиссия түзүлгөнбү, кандай жыйынтык чыгарган, кандай чечимдер кабыл алган деген суроолор ошол бойдон ачык калган.
Араздаштырган "Аташ-Чапкан"
Ушул жылы июнда Чаткалда Кара-Булак, Айгыр-Жал, Бел-Капчыгай жана Каныш-Кыя айылдарынын тургундары "Аташ-Чапкан" компаниясына каршы нааразылык акциясына чыгышкан. Анда эгерде чалгындоо жана кен казуу иштери башталса, төрт айылдын айдоо жерлерине жана сууга зыяны тие турганын айтышкан.
"Чаткалда "Аташ-Чапкан" деген компанияга байланыштуу эл жайы менен ызы-чуу болуп, нааразылык билдирип келди. Бир нече жолу сиздерге кайрылды. Болгону ошол жерде 71 килограмм алтын бар экен. Силер 10 гектар жерди айыл-пайылы менен казабыз деп жатасыңар. Үч каналды, эки суу түтүктөрү бар жерди казабыз деп жатасыңар", - деген анда депутат Алишер Эрбаев.
"Аташ-Чапканга" 2015-жылы геологиялык чалгындоого лицензия берилген. Азыркы учурда казууга лицензия алган.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Бекжан Султангазиев аталган компанияга берилген уруксат кагаздары текшерилип жатканын билдирди.
"Биз бул маселени жерине барып карап чыктык. Ал компания бардык уруксат кагаздарын алган экен. Азыр элдин талабы менен иштебей турат. Биз дагы иштетпегиле деп сурандык. Уруксат кагаздары туура берилгенби же жокпу деп дагы бир сыйра карайбыз. Ал жерде алтындын кору аз эле, бирок аябай чоң аймакты алып алган. Алардын дагы башка кызыкчылыктары барбы деп биз бүгүнкү күнү кагаздарын тыкыр карап жатабыз".
Геология кызматынын директорунун орун басары Марат Жусупбеков "Аташ-Чапкандын" лицензиясынын негизинде жүргүзүлгөн экспертизалар жөнүндө айтты.
"Экологиялык, өндүрүш жана кенди пайдалануу боюнча үч экспертиза жүргүзүп, оң корутунду алышкан. Убагында жергиликтүү бийликтен, айыл өкмөттөрүнөн дагы макулдук алышкан. Аларга казып алууга лицензия берилгенден кийинки экспертизаларда оң корутунду чыгарып, ошонун негизинде "жашыл китебин" алышкан. Биз ошонун негизинде 11-августта 11 гектардай жерге казуу иштерине лицензия бергенбиз".
Мындан үч ай мурда, июлда Чаткалдагы Кара-Булак, Айгыр-Жал, Бел-Капчыгай жана Каныш-Кыя айылдарынын тургундары "Аташ-Чапканга" байланыштуу нааразылык акциясына чыгып, акимдин кетишин талап кылган. Тургундар компания эгерде чалгындоо жана кен казуу иштери башталса, төрт айылдын айдоо жерлерине жана сууга зыяны тие турганын айткан.
Аким Алтынбек Сеңирбаев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, "Аташ-Чапкан" чыгарткан экологиялык экспертиза кайра текшерилерин, алардын эл менен жолугушуу тууралуу протоколдорун милиция иликтеп жатканын билдирген.
Бул талаш кандай аяктаары азырынча белгисиз.
Садыр Жапаров 2021-жылдын башында ант берип, президенттик кызматка жаңы киришкенде чыгарган беш жарлыгынын бири тоо-кен тармагына тиешелүү болгон. "Кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө" деп аталган документте бир катар чукул иш-чаралар каралган. Анда пайдалуу кен чыккан жерлерди мыйзамсыз казууга көзөмөлдү күчөтүү, анын ичинде лицензиялык тескөө, жер казынасын сарамжалдуу пайдалануу, өнөр жай багытында жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу өңдүү жоболор жазылган.
Эң негизгиси, 2021-жылдын июль айына чейин Тоо-кен кодекси иштелип чыгып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлүшү керек болчу, бул кодекс азыркыга чейин кабыл алына элек.