Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:11

Өзгөндө митинг өткөрүүгө тыюу салынды


Куршабда Мадумаровдун тарапташтары чогулуп жаткан учур. 26-сентябрь, 2023-жыл.
Куршабда Мадумаровдун тарапташтары чогулуп жаткан учур. 26-сентябрь, 2023-жыл.

Оштун Өзгөн районунда 8-сентябрдан 8-ноябрга чейин митинг, тынч акцияларга чогулууга тыюу салынды.

Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы 29-сентябрда “Азаттыкка” ырастады.

Облустук соттун басма сөз кызматынын кабарлашынча, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кеңешмеси Өзгөн районунда тынч жыйындарга чогулууга тыюу салган чечим чыгарган. Андан кийин ушул чечимдин мыйзамдуулугун карап берүү үчүн Өзгөн райондук сотуна кайрылган.

Сот арызды 12-сентябрда карап, тыюу салууну негиздүү деп тапкан.

Милициянын чечимине ылайык, Өзгөн райондук администрациясынын, мэриянын, маданият үйүнүн, айыл өкмөттөрдүн алдында, стадиондордо жана башка коомдук жайларда митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды.

Өзгөндө митинг, жыйындарга эмнеге тыюу салынганынын себеби айтылган жок.

26-сентябрда Өзгөндө абактагы депутат Адахан Мадумаровдун тарапташтарына чогулууга уруксат берилген эмес. Саясатчынын отуздан ашуун тарапташы Куршаб айылында бийликке кайрылуу үчүн “Чынар” сейил багына чогулган. Бирок милиция коомдук жайларда нааразылык акциясын, митинг өткөрүүгө тыюу салынганын айтып чогулгандарды тараткан.

Бишкекте дагы жергиликтүү бийликтин митинг-пикеттерди чектеген чечиминин мөөнөтү үч айга узартылды. Бүгүн 29-сентябрда Биринчи Май райондук соту райондук администрациянын тынч жыйындар өтчү жерлерди чектөө арызын канааттандырган чечим чыгарды.

Чектөө 2022-жылдын март айында кабыл алынган. Ошондон бери мөөнөтү улам үч айга узартылып келет. Соңку чектөө 30-сентябрга чейин деп аныкталган.

Мындан тышкары Ленин районундагы президенттик резиденция, Бишкек мэриясы, Орусиянын, Украинанын, АКШнын элчиликтеринин алдында жана улуттук филармония жайгашкан жерлерге да чогулууга тыюу салынганы кабарланган.

Акция өткөрүүнү каалагандар Горький атындагы бакчага чогулса болот. Бир катар укук коргоочулар митингдердин тыюу салынышын сындап чыгышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG