Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:09

Германия+Борбор Азия саммити: Жапаров экономикалык кызматташтыкты айтты


Борбор Азия мамлекет башчылары менен немис президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин жолугушуусу.
Борбор Азия мамлекет башчылары менен немис президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин жолугушуусу.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 29-сентябрда Борбор Азия мамлекет башчылары менен немис президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө геосаясий кырдаалда Борбор Азияга эл аралык коомчулуктун көңүлу бурулганын белгилеп, бул экономикалык кызматташууга шарт түзөөрүн белгиледи.

“Мунун баары саясий декларацияларды кабыл алуу менен эле чектелбестен, мазмундуу соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзөт”, — деди Жапаров.

29-сентябрда Берлинде Германия+Борбор Азия саммити башталды. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президентм Шавкат Мирзиёев, түркмөндөрдүн Халк Маслахатынын төрагасы, мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедов катышууда.

Саммит чөлкөмдөгү сөз эркиндигин, саясий укуктарды сактоого чакырган акциялар менен коштолду. Human Rights Watch уюму немис жетекчилигин саммитте Борбор Азиядагы адам укуктарына жана мыйзам үстөмдүгүнө байланыштуу көйгөйлөрдү козгоого үндөдү.

Германия - соңку бир жыл ичинде Борбор Азия лидерлерин саммитке чогулткан алтынчы өлкө. Былтыркы октябрь айынан бери чөлкөмдөгү беш мамлекеттин лидерлери Орусия, Кытай, Евробиримдик, Араб мамлекеттеринин башчылары жана АКШнын президенти менен жолугушту. (TSh)

XS
SM
MD
LG