Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:23

Тубаса кемтик менен төрөлгөн балдар. Ыш, тамак-аш жана эне саламаттыгы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, соңку жылдары өлкөдө тубаса майыптык менен төрөлгөн балдар көбөйдү. Кемтик менен төрөлгөндүктөн, алар бир жашка жетпей чарчап калууда.

(Эскертүү: Макалада кишини нес кыла турган сүрөттөр бар).

Расмий маалыматтарга таянсак, быйыл 8 айда 1250 баланын өлүмү катталган. Бул былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 100 балага көп. Тубаса кемтик менен төрөлгөн балдар арасында жүрөк, мээ, ичеги-карын, сөөк кемтиги сыяктуу оорулар басымдуу.

Дарыгерлер мунун себептерин экология, тамак-аш сапаты жана болочок эне-атанын ден соолугу менен байланыштырууда.

Соңку жылдары тубаса кемтик менен төрөлгөн балдардын саны өскөнүн ыңаалааган наристесин көтөрүп, балдар ооруканасында дарыгерге кирүү үчүн көшөрүп кезек күткөн ата-энелердин көптүгү дагы көрсөтүп тургандай.

Кудайдын куттуу күнү ушундай көрүнүш экенин ошол жерде иштегендер дагы айтууда.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун хирургия бөлүмү республиканын чар тарабынан келген кичинекей бейтаптарга толгон.

Дилнура жарык дүйнөгө келгенине бир ай боло элек чүрпөсү менен ооруканадан башы чыкпай жүрөт. Ымыркай көтөн чучугу туюк туулган.

"Бул биздин экинчи операциябыз. Биринчисинде колостома (ичегидеги калдыкты сыртка жасалма жол менен чыгаруу-ред.) жасаган. Экинчиси пландалбаган операция, азыр ошого байланыштуу дарыланып жатабыз. Ультра үндүү изилдөөдө (УЗИ) баары жакшы деп эле айткан. Мен кош бойлуу кезимде тумоолоп, бөйрөгүм ооруп, аллергия болгом. Ошондон балага өтүп кетти окшойт. Мындан сырткары баламдын жүрөгүндө дагы кемтик бар экен. Адегенде өпкөсүндө инфекция бар дешкен, ал үчүн дагы дарыландык. Бул бешинчи балам. Мурдагы төрт баламдын бардыгын өксүгү жок эле төрөгөм".

Статистика комитетинин маалыматында, республикада орточо эсеп менен жыл сайын дээрлик 4 миң балага биринчи жолу майыптык макамы берилет.

2020-жылы өлкөдө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки балдардын саны 33 миңге жакын болсо, үч жыл ичинде бул көрсөткүч 4 миңге өскөн.

Тубаса майып болуп төрөлүүнүн негизги себептери:

  • Энелердин ден соолугунун начардыгы,
  • Аз кандуулук жана йоддун жетишсиздиги,
  • Энелердин кош бойлуу кезинде ооруларга (жатын ичиндеги инфекциялар, сасык тумоо ж.б.) чалдыгуусу,
  • Экологиялык шарттын начардыгы,
  • Таза эмес тамак-аш.


Майыптыгы бар балдар Жалал-Абадда эң көп (7 миңден ашык), андан кийин Ош (6 миңге жакын) жана Чүй (5 миңден ашык) облустарына туура келет. Ал эми бир жашка чейинки ымыркайлар арасында өлүм көрсөткүчү Нарында (24%), Баткенде (17.7%), Бишкек шаарында (16.1%), Ош шаарында (12%) өскөн.

Сүрөт айрым окурмандар үчүн үрөй учурган маанай жаратышы мүмкүн
Тубаса кемтик менен төрөлгөн ымыркай.
Тубаса кемтик менен төрөлгөн ымыркай.
Сүрөт айрымдардын үрөйүн учурушу мүмкүн. Басып көрүңүз.
Тубаса кемтик менен төрөлгөн ымыркай.

Эне жана бала улуттук борборунун бөлүм башчысы Сагынбү Абдувалиева тубаса кемтик менен төрөлгөн ымыркайлар көбөйүп жатканын ырастап, себебин мындайча түшүндүрдү:

Сагынбү Абдувалиева.
Сагынбү Абдувалиева.

"Кыргызстанда балдардын төрөлүүсү бир эле калыпта келатат. Жылына 150 миңдей ымыркай төрөлөт. Анын 5% - ара төрөлгөндөр. Тубаса кемтик менен төрөлгөн балдардын саны жылдан жылга көбөйүп жатат. Ички органдардын, ичеги-карын, мээнин жана жүлүндүн, сөөктүн жана жүрөктүн тубаса кемтиктери менен төрөлгөндөр катталууда. Эгер үй-бүлөдө бир жолу ушундай тубаса кемтик менен төрөлгөн учур катталса, аны генетикалык изилдөөдөн өткөрүү керек. Анткени кээде уруктан, генден өзгөрүшү мүмкүн. Бизге бир жылда тубаса кемтик менен төрөлгөн миңден ашуун бала дарыланат".

Сүрөт айрым окурмандар үчүн үрөй учурган маанай жаратышы мүмкүн
Тубаса кемтик менен төрөлгөн ымыркай.
Тубаса кемтик менен төрөлгөн ымыркай.
Сүрөт айрымдардын үрөйүн учурушу мүмкүн. Басып көрүңүз.
Тубаса кемтик менен төрөлгөн ымыркай.

Кош бойлуу кезинде курсактагы ымыркай эки жолу чоң текшерүүдөн, скринингден өткөрүлөт. Ошол учурда баланын кемтиги аныкталса, ата-энесине жагдай тууралуу айтылат. Бала төрөлгөндөн кийин жашап кетүү мүмкүнчүлүгү аз болгон учурда бойдон алдыруу сунушталат.

Сагынбү Абдувалиеванын айтымында, тобокелге салып төрөгөн учурлар дагы кездешет.

"Жакында эле ушундай бир баланы ооруканадан чыгардык. Саламаттык сактоо тармагына караштуу эле үй-бүлөдөн экен. Биринчи баласын майыптыгына байланыштуу түйүлдүк маалында алдырган экен. Балким генетикалык жактан өзгөрүү барбы, экинчисин жаш келин үй-бүлөдөгү чоңдор макул болбой койгондо төрөгөн. Бир айдан ашуун ооруканада жатты. Дагы деле кооптуу абалда. Ал бала сөөгүнөн жана жүлүнүнөн кемтик болуп төрөлгөн", - деди дарыгер.

Баланын курсакта өсүп-өнүгүүсүнө фолий кычкылынын таасири жогору. Фолий кычкылы түйүлдүктөгү нерв системасынын тубаса кемтигинин алдын алат, ал эми йод ымыркайдагы богок безинин оорусун болтурбоого өбөлгө түзөт.

Хурург-неонотолог Тасмабек Эргешевдин айтымында, жаш келиндер кош бойлуу боло электе төрөттү пландап, фолий кычкылын иче башташы керек:

Хурург-неонатолог Тасмабек Эргешев.
Хурург-неонатолог Тасмабек Эргешев.

"Аябай көп ооруга алып келген негизги себептердин бири - вирустук инфекциялар. Мисалы, биз гриппти оору катары эсептебейбиз. Экинчиден, бир гана Кыргызстанда эмес, башка көп өлкөлөрдө да тамак-ашка көзөмөл начар. Жашылча-жемиш жегенде деле анда селитра, азот ченемден ашык. Биз билгенден, алма менен алмурут салыштырмалуу тазараак болот, калганы помидор, болгар калемпири, коон, дарбызга ченемден ашыкча кошулат. Ошондуктан дени сак баланы төрөй турган энени сактап, коргошубуз керек. Анын иммунитетин көтөрүү керек. Каны аз болбош үчүн экологиялык таза, сапаттуу тамактануу зарыл. Вирус плацентардык коргоодон өткөндөн кийин адамдын клеткаларына, генетикалык ДНКларга окшош түрүнө өтүп кетип, айырмалай албай калабыз. Ал барып билинбестен органдардын түзүлүшүн бузат. Дагы бир чоң факторлордун бири - алкоголизм жана наркомания".

Сүрөт айрым окурмандар үчүн үрөй учурган маанай жаратышы мүмкүн
Тубаса кемтик менен төрөлгөн ымыркай.
Тубаса кемтик менен төрөлгөн ымыркай.
Сүрөт айрымдардын үрөйүн учурушу мүмкүн. Басып көрүңүз.
Тубаса кемтик менен төрөлгөн ымыркай.

Майыптыктын 30% нерв оорулары менен байланыштуу

Ал эми Чынара Абдиеванын төрткө караган кызы жакшы баса албайт, тили да толук чыга элек. Ал муну эмдөөдөн көрүп жатат. Дарыгерлер балага тубаса ДЦП же шал оорусу менен жабыркайт деген диагноз коюшкан. Чынара баласынын мээсинде киста жана кемтик бар экенин кийин билген.

"Кызым сегиз ай болгондо басайын деп таканчыктап туруп калган. Мен эмдөөдөн эле көрөм. Ошондон кийин сол ыптасы жакшы кыймылдабай, кеч басты. Биз Караколдо жашайбыз, дарыгерлер бала ушундай кеч эле басат деп койгондо, Бишкекке барсак, ДЦП деп чыгарды. Мээсинде киста, кемтиги бар экен. Муну менен эмделбеши керек экен. Биздин невропатолог ала бергиле деген. Эми минтип кызым менен алышып отурабыз. Азыр жакшы тамак иче албайт, жыгылып кетсе кармана албайт, түз эле кулап түшөт. Жеңил сөздөргө тили келет, татаалыраак сөздөрдү айта албайт. Өзү кийине албайт, күлтүккө отура албайт. Кош бойлуу кезде грипп болгом, дарыгерлер ошонун таасири деп айтып жатышат".

Кыргызстанда майып балдардын саны 37 миңден ашуун болсо, алардын 30 пайызы нерв ооруларына байланыштуу. Кош бойлуулук жана төрөт оңой өтүп, болочок балакайдын дени-карды сак болушу үчүн кош бойлуулукка эртерээк кам көрүп, жашоо мүнөзүн өзгөртө башташы керектигин Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун невропатологу Нурмухамед Бабажанов белгиледи:

"Нерв ооруларынын 24-25 пайызы тубаса кемтиктер болуп жатат. Кош бойлуулуктун 8-12 жумалыгында мээ өсүп-өнүгө турган убакыт болот. Бизде кош бойлуу болор алдында ата-эне текшерилип, анализдерди тапшырып, инфекция барбы-жокпу, аныкташы керек. Фолий кычкылын кош бойлуу болгонго чейин иче башташ керек. Бизде болсо баланын төрөлүшүн пландабайт, айрымдары кош бойлуу болгонун эки-үч ай болгондо билишет. Ошондо гана витаминдерди иче баштайт, бирок ага чейин тубаса кемтик пайда болот. Мындан улам балдар мээнин грыжасы, анэнцефалия, гидроцефалия менен төрөлүүдө. Бул ДЦПга, талмага алып келет да, акыл-эс өнүгүүсүнө тоскоолдук кылат".

Бабажанов учурда кош бойлуу кезинде тубаса кемтиктерди аныктаган дарыгерлер жетишпей жатканын кошумчалады.

Жүрөк кемтиги менен төрөлгөндөр эки эсе өстү

Кыргызстанда акыркы жети жыл аралыгында жүрөктүн тубаса кемтиги менен төрөлгөн балдардын саны эки эсеге көбөйгөн. Мындан улам аталган дартка чалдыккан ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчү да жогорулаган. Баланын жүрөгүндө кемтиги менен төрөлүшү түйүлдүк өрчүп жатканда ага таасир этүүчү бир нече факторлордон көз каранды.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун кардиологу Данияр Аматов аталган оорунун себептерин, белгилерин жана дарылоо ыкмаларын айтып берди:

"Жүрөктүн тубаса кемтиги азыркы педиатриядагы негизги көйгөйлөрдүн бири. Индустриянын өнүгүшү жана айлана-чөйрөнүн булганышы тубаса жүрөк кемтигини менен туулгандардын көбөйүшүнө алып келүүдө. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында, жыл сайын төрөлгөн балдардын 4-6 % жүрөктүн тубаса кемтик оорусу болот. Алардын ичинен 30-40% көз жумат. Ооруга чалдыкканын бала бир жашка чыкканга чейин 5% гана билишет. Жүрөгүндө кемтиги бар түйүлдүк бойго бүткөндөн кийинки 22-жумадан бала төрөлгөндөн кийинки 7-күнгө чейинки аралыкта наристе чарчап калат. Мындай дартты айыктыруу абдан кымбат жана балдардын майып болуп калуу коркунучу жогору болгондуктан, мамлекет тарабынан аябагандай чоң суммадагы каражат талап кылынат".

Дарыгердин белгилешинче, жүрөктүн тубаса кемтиги түйүлдүктүн өрчүү мезгилинде жүрөк жана ири кан тамырлардын туура эмес калыптанышынан келип чыгат. Жүрөк кемтигин алдын алууда эң алгач аталган дартка көп учурда себепкер болуп эсептелген ревматизм жана башка оорулардын алдын алуу керек.

Илдеттин пайда болушуна таасир берген жагдайлар жана себептери:

  • Химиялык заттар (спирт, кычкылдар, циклдик бирикмелер, туздар, оор металлдар ж.б.)
  • Иондоштуруучу радиация;
  • Булганган суулар, жер кыртышы, аба.
  • Атасынын жашы 45тен, ал эми апасынын жаш курагы 35тен жогору болсо;
  • Ата-эненин алкоголдук ичимдиктерди колдонушу;
  • Антибиотиктерди колдонуу (айрыкча боюнда болгондон тарта үч ай аралыгында);
  • Талгактын оор түрүнө чалдыкса;
  • Гормоналдык, сульфаниламиддик каражаттарды (стрептоцид) колдонуу;
  • Боюнда бар мезгилде аялдын вирустук ооруларга кабылышы.


Соңку жылдары экология, өзгөчө ыш өлкөнүн негизги маселесине айланууда. Жылытуу мезгили башталганда баш калааны кара түтүн каптап, дем алуу кыйындайт. Былтыр декабрда Кыргыз гидрометеорология институту Бишкектин абасында күкүрт кош кычкылы, азот кычкылы, формальдегид заттары ченемден ашык экени атайын изилдөөдө аныкталганын билдирген. Адистер буга ЖЭБ, таштанды полигону, жаңы конуштар, машинанын көптүгү, менчик мончолор, көмүр жагуу, өнөр жай өндүрүшү себеп экенин айтып келишет.

Дарыгерлер дал ошол формальдегид адамдын организминде топтолуп отуруп дем алуу органдарынын жабыркашына, аллергия, кош бойлуу учурунда түйүлдүккө таасир этерин белгилеп жатышат.

Экологиянын, тамак-аштын булганышы боюнча мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин балдар жана өспүрүмдөр бөлүмүнүн адиси Мария Кушубакова айтып берди:

Мария Кушубакова.
Мария Кушубакова.

"Жолдун боюнда азыктарды сатуу, жол боюнда өскөн мөмө-жемиштер негизинен зыяндуу. Унаадан чыккан газ, чаңдар өсүмдүк, жолдогу дарбыз-коон, жер-жемишке сиңе берет. Ал организмге кирип, акырындап топтолот. Мындан сырткары базарларда бир эле майды бир нече жолу пайдаланганда, мисалы, май токоч бышырганда майдан уу заттар бөлүнүп чыгат".

Буга чейин БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы атмосферага бөлүнгөн зыяндуу калдыктардын таасири тууралуу баяндамасын жарыялаган. Ага ылайык, былтыр Бишкектеги булганган абадан бир жылда жүздөн ашуун адам каза болду. Булганган аба айрыкча балдардын дем алуу органдарына терс таасирин тийгизүүдө.

Ал эми 2019-жылдагы баяндамасында Европа жана Борбор Азияда абанын булганышынан улам 5800 бала чарчап калган. Алардын 85% - бир жашка чыга элек наристелер.

Уюмдун баяндамасында абанын булганышынын айынан балдардын ден соолугуна олуттуу коркунуч жаралып жатканы, анын ичинде пневмония сыяктуу наристелер үчүн өзгөчө кооптуу болгон курч респиратордук оорулар күч алганы айтылат.

XS
SM
MD
LG