Amnesty International уюму Кыргызстанда зомбулукка учураган майыптыгы бар аялдардын көйгөйү көмүскөдө калып жатканы тууралуу макала жарыялады. Анда айтылгандай, мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндер жакындарына көз каранды болуп, жашоодо өз жолун табышы өтө кыйын.
"Теңдик" коомдук уюмунун директору Гүлмира Казакунова Каракол шаарына дагы бир майып кыздын укугун коргогону бара жатканын айтып сөзүн баштады:
"Мен азыр Караколго сапарга чыкканы турам. Биздин шелтерге келип түшкөн 27 жаштагы кыздын сотуна катышам. Тубаса шал болуп төрөлгөн кызды Чолпон-Атадан бир жигит мыкаачылык менен зордуктаптыр. Биринчи инстанциядан ага жаза мөөнөтүн он жыл деп беришкен экен. Жигиттин адвокаттары бул чечимге нааразы болуп, облустук сотко кайрылган. Сот эртең Караколдо болот. "Чыгып кетет" деген имиштер жүрүүдө. Себеби, ал жигит кайсы бир таасирдүү адамдын жакыны экен. Эми тигил майыптыгы бар кыз араң эле басып жүрчү. Аны уурдап кетип, колун байлап, оозуна бирдемелерди тыгып, муунтуп өтө жырткычтык менен зордуктаган экен. Байкуш кыздын буту араң эле кыймылдап, үнү да акырын чыкчу. Алы жок кыз бул окуядан кийин кансырап, ооруканага түшүп калыптыр. "Бирөөгө арыздансаң көлгө ыргытып жиберем" деп коркуткан экен".
Сөз болуп жаткан зомбулуктун курмандыгы азыркы тапта "Теңдик" коомдук уюмунун баш калка жайында жатат. Аны менен чогуу майыптыгы бар дагы бир нече кыз бул жайдан түнөк тапкан.
Майыптыгы бар канча кыз-келин зомбулук көргөнү белгисиз
Улуттук статистика комитетинин 2019-жылдагы эсеби боюнча үй-бүлөлүк зомбулукка арызданып, күч органдарына, баш калка жайларга 6 628 аял кайрылган. Алардын 86% иш сотко жеткиче эле арызын кайра кайтарып алган. Укук коргоочулар арызын кайра алгандардын көбү жакын туугандарынын кысымы менен мындай кадамга барганын айтышууда. Аялды сабаган 200 адамга гана кылмыш иши козголуп, сот жообуна тартылган.
Гүлмира Казакунова жалпы запкы көргөн аялдардын канчасынын майыптыгы бар экенин тактоо мүмкүн эмес дейт.
"Мүмкүнчүлүгү чектелүү аялдардын үй-бүлөдөн кордук көргөнүнө каршы мыйзамдык база керек. Ошондой эле, мындай учурларды коомчулуктан жашырбай, ачыкка чыгарып туруу зарыл. 2017-жылы кабыл алынган "Үй-бүлөлүк зомбулук" жөнүндөгү мыйзамда майыптыгы бар адамдар тууралуу эч нерсе каралган эмес. Жергиликтүү бийлик жер-жерлерде байкоо жүргүзүп, "майыптыгы бар канча адам же аял зомбулукка учурады" деген суроого ушундан улам жооп таба албай калып жатат. Көп үйлөрдө ден соолугу чектелүү кыз-келиндерге көрсөтүлгөн запкы жабылуу бойдон эле калууда. Майыптыгы бар адамдарды бардык жакындары бөпөлөп багат деген туура эмес түшүнүк".
Адам укугун коргогон эл аралык Amnesty International уюму Кыргызстандагы майыптыгы бар аялдарга карата жасалган зомбулук тууралуу макала жарыялады. Анда "Өлкөдө социалдык нормалар өтө консервативдүү негизде калыптанган. Ага ылайык аялдар үйдөгү көргөн запкысын ачыктоону "уят" дешет. Ал эми майыптыгы бар аял жакындарына толук көз каранды. Ушундан улам ага кол көтөргөн же зомбулук кылган жакынын бийликке ачык айтып, арызданган учурлар сейрек кездешет" деп жазылган.
Бардык жактан чектелген, көз каранды кыз келиндер
Жарандык активист Үкөй Мураталиева мүмкүнчүлүгү чектелүү кыз-келиндерге карата кысым жеке эле Кыргызстанда эмес, Борбор Азиядагы жалпы көрүнүш деген ойдо.
Анын айтымында, кыздарга эркиндик берилбей, жакындарынын чечими менен гана жашап калган учурлар көп.
"Бул көйгөй жеке эле Кыргызстанга эмес, Борбор Азиядагы бардык эле майыптыгы бар аялдарга тиешелүү. Аялдар эки эсе көп кодулоого кабылып жатышат. Биринчиден, мүмкүнчүлүгү чектелүү адам катары, экинчиден аял катары да запкы тартышат. Кыздар чоңойгон сайын кысым күчөй белет. Анын туугандары, ата-энеси "мен бул кыздын жеген-ичкенин, кийингенин, окуп же окубаганын жакшырак билем, ошондуктан чечимди өзүм чыгарам" дешип, майыптыгы бар кызды тандоо укугунан ажыратышат".
Кыргызстан 2019-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо боюнча конвенцияга кол койгон. Amnesty International конвенциядагы талаптарды жүзөгө ашыруу боюнча пландар түзүлүп, максаттар аныкталганы менен чыныгы турмушта аны ишке ашыруу өтө жай темпте өтүп жатканын макалада белгилеген. Өлкөдө майыптыгы бар адамдардын укугун алардын өздөрү же жакындары, бейөкмөт уюмдар эле коргоп чыгышат.
Баш калка жайлар жетишпейт
Зомбулук көргөн мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн медициналык, психологиялык жардам көрсөткөн баш калка жайлар, үйдөн чыга албаган майыптыгы бар кыз-келиндердин жашоосун текшерип, зарыл болсо укуктук жардам көрсөткөн мамлекеттик кызматтар жок.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз катчысы Кымбат Кыдыралиеванын айтымында, зомбулукка учураган маалда кыз-келиндерди майыптыгына бөлбөй, тең укуктуу жардам берилет. Бирок өлкөдө убактылуу баш калка жайлар жетишсиз:
"Майыптыгы бар аялдар мамлекет тарабынан жөлөк пул же пенсия алышат. Андан тышкары жергиликтүү бийликке жумушсуздук менен кайрылса чара көрүп, иш таап бериши мүмкүн. Кокус үй-бүлөлүк зомбулукка учураса социалдык кызмат териштирип, психологиялык жана медициналык жардам көрсөтөт. Зарыл болсо кризистик борборлорго убактылуу жайгаштырат. Бизде азыр мамлекеттин карамагындагы баш калка жайлар жок. Ушундан улам бейөкмөт уюмдарга таандык Бишкектеги "Сезим", Ош шаарындагы "Ак жүрөк" сыяктуу дагы бир нече кризистик борборлорго жайгаштырабыз".
Amnesty International уюмунун макаласында өлкөдөгү майыптыгы бар адамдар интернет колдоно албайт, милиция, оорукана жана кризистик борборлорго өз алдынча кайрыла албагандыктан, зомбулук көп учурда көмүскөдө калат деп жазган. Адам укугун коргогон эл аралык эксперттер Кыргызстанда мамлекеттик тейлөө көрсөтүүдө, укук коргоодо майыптыгы бар аялдардын дискриминацияга учураганын эскертишет.
Эркиндикке, ийгиликке жетишкендер деле бар
Акыл-эси жагынан майыптыгы бар кыз-келиндерге кол өнөрчүлүктү үйрөтүп, театр ийримдерине тартып жүргөн жарандык активист Анастасия Колодяжная мүмкүнчүлүгү чектелүү аялдар арасында деле дискриминация, "эл эмне дейт" деген стереотиптерди жеңген учурлар акыркы маалда көбөйүп бара жатат деген пикирде:
"Мунун баары майыптыгы бар адамды курчап турган чөйрөгө, анын үй-бүлөсүнө өтө тыгыз байланышта болот. Маселен айрым үй-бөлөлөрдө мүмкүнчүлүгү чектелүү аялды ханышадай карашып, анын пикирин угуп, оңой жашоосу, коомго аралашуусуна болгон шарттарды түзүшөт. Кээде айрым кыздарыбыз лидер болуп, жакындарын баккан учурлар да кездешет. Мындай аялдар запкы тартышы мүмкүн эмес, балким коомдо кандайдыр бир дискриминацияга учурагандыр, ошентсе да өзүнө ыңгайлуу шартты түзүп алышат. Майыптыгы бар аялдардын баары эле кыйналат деп айта албайм. Анткен менен майыптыгы бар кыз-келиндер зомбулукка туруштук бере албаган катмарга кирет.
Улуттук статистика комитети аялдарга карата зомбулук 2020-жылы 14% жогорулаганын, ал эми үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйгөнүн маалымдаган. Запкы тарткандардын канча пайызы майыптыгы бар аялдар экени белгисиз. Бирок, өз жакындары тарабынан зордукталып, сабалган мүмкүнчүлүгү чектелүү кыздар тууралуу окуялар тынбай катталып келет.