Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:31

Арменияда Еревандын мурдагы мэри камакка алынды


Альберт Базеян
Альберт Базеян

Арменияда сот Ереван шаарынын мурдагы мэри Альберт Базеянды камакка алуу чечимин чыгарды. Ал премьер-министр Никол Пашинянга "кол салууга даярдык көргөн" деп айыпталып жатканын адвокат Георгий Меликян билдирди. Базеян күнөөсүн мойнуна алган жок жана өзүн саясий туткун деп эсептөөдө. Ал 23-сентябрда кармалган.

Бул арада Ереванда Пашиняндын отставкасын талап кылган нааразылык акциялары уланууда. Полиция бир канча кишини кармады. Демонстранттар Еревандагы жолдорду бууп жатышат. Шейшембинин кечинде борбордо оппозициянын кезектеги митинги өтөт деп күтүлүүдө.

19-сентябрда Азербайжандын бир күндүк “антитеррордук аскердик операциясында” Тоолуу Карабактын эл аралык коомчулук тааныбаган өкмөтү Бакуга багынып берген. Азербайжанга кошулууну каалабаган армяндар Арменияга жер которуп кетүүдө.

Андан бери армян оппозициясы Никол Пашиняндын өкмөтүнүн отставкасын талап кылган митингдерди өткөрүүдө.

XS
SM
MD
LG