Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Украина Орусиянын Кара деңиз флотунун башчысы өлтүрүлгөнүн ырастады


Виктор Соколов
Виктор Соколов

Украинанын армиясы Орусиянын Кара деңиз флотуна жасалган чабуулда отуздан ашуун аскер, алардын командири жок кылынганын ырастады.

Расмий кабарга ылайык, аннексияланган Крым жарым аралындагы Севастополь калаасында Орусиянын Кара деңиз флотунун штаб-квартирасына 22-сентябрда урулган соккуда 34 аскер каза тапкан.

Украин армиясы тараткан маалыматта командирдин аты-жөнү айтылган эмес. Орусия бул кызматка 2022-жылдын августунда адмирал Виктор Соколовду дайындаган.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков буга комментарий бере албастыгын 26-сентябрда журналисттерге айтты. Кийинчерээк РИА Новости мамлекеттик маалымат агенттиги тараткан видеодо орусиялык жогорку даражалуу аскер жетекчилеринин жолугушуусу көрсөтүлүп, ага Соколов катышканы кабарланды.

Тараптардын маалыматтарын согуш шартында тактоого мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG