Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

Одессага кол салууда киши өмүрү кыйылды, дагы бири изделип жатат


Одессага кол салууда тутанган өрттү өчүрүү учуру.
Одессага кол салууда тутанган өрттү өчүрүү учуру.

25-сентябрга караган түнү Орусиянын аскерлери Украинанын Одесса облусуна чабуул койгондо бир аял курман болду. Дагы бир тургун изделип жатканын облустук аскер админстрациясынын башчысы Олег Кипер билдирди.

Расмий кабарда орус күчтөрү "Шахед" жанкечти дрондору, "Калибр" жана "Оникс" ракеталары менен кол салганы айтылат. Алардын дээрлик баары атып түшүрүлүп, деңиз боюндагы бекет жана конок үйү зыян тарткан.

Ал эми Херсон облусуна кол салууда Орус армиясы авиабомбаны көп колдонгонун облустук аскер админстрациясынын өкүлү Александр Толоконников "Азаттыктын" украин кызматына билдирди. Дүйшөмбүдө Москванын күчтөрү Днепрдин оң жээгиндеги Николаевка жана Львов конуштарына абадан бомба таштап, Берислав шаарына да чабуул жасаганы кабарланды. Бомба турак-жайларды тейлеген кеңсенин имаратын талкалаган. Бир күн мурдагы чабуулдан Херсондо эки киши мүрт кеткен.

Москва чабуулдар боюнча комментарий берген жок. Жекшембиде Орусиянын баш калаасындагы аэропорттор "Украина дрон менен чабуул коёт" деген кооптонуудан улам бир канча авиакаттамдарды убактылуу токтоткон.

XS
SM
MD
LG