Польшанын бийлиги Украинанын данын Европа чөлкөмүнөн тышкаркы дүйнөлүк базарларга экспорттоого көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Польшанын президенти Анжей Дуда TVP1 телеканалында 24-сентябрда жарыяланган маегинде айтты.
Ал өз өкмөтүнүн Польшанын аймагында украин буудайын сатууга тыюу салган чечимин коргоду. Ошондой эле Польшадагы дыйкандарга жана айыл-чарба базарына колдоо көрсөтүү үчүн радикалдуу чаралар зарыл экенин белгиледи.
Бирок Дуда Польша украин данын ага эң көп муктаж болуп жаткан жакыр өлкөлөргө жеткирүү үчүн колдон келген аракетин көрөрүн кошумчалады.
Быйыл жазында расмий Варшава Украинанын данын импорттоону токтотуп, муну ички базарды коргоо максаты менен түшүндүргөн. Польшанын бул кадамы украин бийлигинин кескин сынына кабылып, Варшава менен Киевдин ортосундагы дипломатиялык кайым айтышууга негиз берген.
Бул аптада Польшанын премьер-министри расмий Варшава "Украинага мындан ары курал-жарак жөнөтпөй турганын" ишарат кылган. Бейшемби күнү поляк президенти Дуда премьер-министрдин сөзү туура эмес чечмеленип калганын билдирген.