Кыргызстандын базарларында нандын, ундун баасы кескин жогорулады.
Казакстандан ташылып келген ундун бир кабы миң сомго чейин кымбаттаганы айтылууда.
Өкмөт өлкөдө буудай тартыштыгы жоктугун, Казакстандан ташылган ун темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап жатканын билдирди.
Улуттук статистика комитетинин маалыматында быйылкы жылдын жети айында сырттан ташылган ундун баасы эки эсе көтөрүлгөн.
Өкмөт буудайды экспорттоого тыюу салып, бааны туруктуу кармоого аракет көрүүдө. Ал тапта жер-жерлерде арзан баада ундарды сатуу үчүн атайын жармаңкелер уюштурулмай болду.
Монополияны жөнгө салуу кызматы жармаңкеде 1-сорттогу 1 килограмм ундун баасы 30 сомдон ашпашы керек деп жатат. Ал эми Экономика жана коммерция министрлиги жергиликтүү бир кап ундун баасын 1500 сом деп бекитти.
Бишкектин тургуну, пенсионер Ляликан Самаева эки ай мурда эле Казакстанда өндүрүлгөн экинчи сорттогу ундун килограммын 20 сомдон алып жүргөнүн айтууда. Бул жолу базардан ошол эле унду 40 сомго сатып алууга арагасыз болду. Сатуучулардын айтымында, ундун баасы эки эсеге жогорулап кеткенине бир аптадан ашты:
"Казакстандын уну 60 сом деп турган, бүгүн 70 сомго чыгыптыр. Бүгүн алган эки килограмм ун атала чайга, бир аз нан жасаганга жетет. Курсакка топуктуу болот деп, ушул унду тандайм дайыма. Ушинтип эми бир апта жашайбыз, башка айла жок".
Ундун кымбатташы нандын баасын кескин өзгөрттү. Соодагер Орозгүл Жуматаева Бишкектеги Ош базарында нан азыктарын сатат.
Анын айтымында, наабайкана ээлери сырттан келген ундун баасы жогорулаганын айтып, бааны көтөргөн. Азыр 20 сомдук нан 25, ал эми 50 сомдук нан 70 сомдон сатылууда.
"Май кошулган нанды 50 сомдон сатат элек, 60 сом болду. Чоң нанды 100 сомго берип атканбыз, азыр 120 сомго чыкты. Келген алармандар аябай нааразы болуп, кээси жаман сөз айтат. 25 сомдук нанды мурда 17 сомдон алчубуз, азыр 21 сомго чыкты. Элди чочутуп албайлы деп бир-эки сомдон кошуп атабыз азырынча. Ошондо кичине нанга 5-6 сом, чоңуна 15-20 сомдон кошулду".
Соодагерлердин белгилешинче, Казакстанда өндүрүлгөн жогорку сорттогу ундун бир кабы мурда 1900 сом турса, соңку бир аптадан бери 3300-3500 сомго чейин көтөрүлгөн.
Айрым соодагерлер дүң соода кылган дүкөндөр импорттолгон ундун кымбатташын күтүп, сатыкка чыгаруудан баш тартып жатканын айтышты.
Коңшулардан ун ташыгандар баа өзгөрө электе кампага түшкөн унду жогорулатылган баада чыгарып жатканын алардын кардарлары да белгилешүүдө.
Азыркы тапта Кыргызстанда өндүрүлгөн буудай унунун баасы өзгөргөн жок.
Монополияны жөнгө салуу кызматы 20-сентябрдан тарта жер-жерлерде базардагыдан арзан баада ун сатуу үчүн атайын жармаңкелерди уюштурмак болууда.
Анда 1-сорттогу 1 килограмм ундун баасы 30 сомдон ашпашы керек. Ал эми Экономика жана коммерция министрлиги жергиликтүү ундун бир кабынын баасын 1500 сом деп бекитти.
Монополияны жөнгө салуу кызматынын маалыматында, Ош, Баткенде 1-сорттогу ундун бир кабы (50 кг) 1700-1900 сом, Нарында 1700-2100 сом, Жалал-Абадда 1500-1750 сом, Ысык-Көлдө 1400-1450 сом, Таласта 1725-1750 сом болууда.
Кыргызстандын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясы ички рынокто 50% казак уну сатыларын билдирди. Өкмөт казак унунун баасы жөнгө салуу боюнча чараларды айта элек. Дан азыктарынын кескин кымбатташынан улам Министрлер кабинети буудай, меслин жана буудай унун Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагынан сыртка ташууга убактылуу тыюу салууну сунуштады.
Өкмөттүн токтом долбоорлору жарыяланган сайтында бул “өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ундун баасын турукташтыруу максатында иштелип чыкты” деп жазылган. Токтом кабыл алынса, алты айга буудай, меслин (кара буудайдын жана буудайдын аралашмасы) унун экспорттоого тыюу салынат.
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттин 21-сентябрдагы жыйынында аткаруу бийлигинин тамак-аш коопсуздугу боюнча кышка даярдыгын угууну сунуштады.
“Өкмөт, министрликтер кыштан кантип чыгуу планын коюш керек. Казакстанга сууну каалагандай бердик. Ошентип жатып азыр суудан же ундан жок болуп атат. Күз башталбай жатып, бир кап ун миң сомго кымбаттады. Биз буга чейин азык-түлүк кымбаттап жатканын айтып келгенбиз. Элден кантип акча жыйнашты билебиз, аларды кантип багышты билбейбиз. Пенсиясына 500 сом кошконубуз менен унга эле бир күндө миң сом кошулуп жатпайбы”, - деди Икрамов.
19-сентябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында бир нече депутат базарда нандын, ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып чыккан.
Парламенттин тармактык комитетинде өткөн бул жыйынга катышкан Монополияны жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басары Айбек Мамыралиев минтип жооп берген.
“Өткөн бейшембиден тарта казак унунун баасы өсө баштады. Себеби, Казакстандан келген ундун көлөмү кыскарды. Ошол жердеги сатуучулар кыргыз тарапка жөнөтпөй жатат. Бул боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Өкмөткө сунуштарды бердик”, - деген Мамыралиев.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 20-сентябрда тийиштүү мамлекеттик органдардын жана ун, мунай ташуучулар ассоциацияларынын өкүлдөрү менен азык-түлүк коопсуздугу боюнча жыйын өткөргөн.
Төрөбаев өлкөдө буудай тартыштыгы жок экенин айтып, казак уну темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап жатканын айткан.
2022-жылы Кыргызстанда өсүмдүк майы жана кумшекер кымбаттап, эл нааразы болгон. Анда Айыл чарба министрлиги дүкөндөргө арзандатылган кумшекер чыгарып, ар бир кардарга чектелүү көлөмдө алууга уруксат берген. Ушундай эле ыкма өсүмдүк майын сатууда да колдонулган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматында, ушул жылдын жети айында Кыргызстанга 16 миң 198 тонна ун импорттолгон. Анын 88% коңшу Казакстанга туура келет. Былтыркы жылдын ушул эле жети айына салыштырмалуу быйыл сырттан ташылган ундун көлөмү 17% кыскарган.
2022-жылы Орусия жана Казакстандан ташылган ундун импорттук баасы 35 сом болсо, быйыл 75 сомго чыкканы аталган комитеттин маалыматында берилген.
Кыргызстан ундан сырткары буудайды негизинен Казакстан менен Орусиядан алат. Мурда эки өлкөнүн буудай импортундагы үлүшү дээрлик теңме-тең болчу, Орусиядан 55%, Казакстандан 45% келчү. 2022-жылы бул көрсөткүч кескин өзгөрүп, Орусия 97%, Казакстан 3% үлүшкө ээ болгон. Ал эми быйылкы жылдын жети айында өлкөгө бул мамлекеттерден 181 миң 210 тонна буудай кирди. Бул буудай быйыл 65% көп импорттолду дегенди билдирет.
2022-жылы дагы Министрлер кабинети Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болбогон мамлекеттерге 100 миң тоннадан ашык унду ташып чыгууга бир айлык тыюу салган.
Буга чейин ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Рустам Жунушов 2023-жылдан баштап буудайдын баасы 12%, ун 14-15% кымбатташы мүмкүн экенин эскерткени бар. Алдыда кандай болот, өкмөт бааларды оздуктай алабы же жокпу деген коомчулукта суроо турат. Соңку эки жылда азык-түлүк жана кыймылсыз мүлктүн баасы кескин көтөрүлүп кетти.