Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:23

Кыргызстанда кыска мөөнөттүк ыкмада иштеген 560 бала бакча ачылат


Оңдоо иштери жүрүп жаткан бала бакчалардын бири.
Оңдоо иштери жүрүп жаткан бала бакчалардын бири.

Кыргызстанда Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен кыска мөөнөттүү 560 бала бакча түзүлөт. Учурда 133 бала бакчанын жана 29 өнүктүрүү борборунда оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү дагы 122 имаратты оңдоо иштери башталат.

Бала бакчаларды даярдоо иштери “Келечек үчүн билим берүү” жана “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорлорунун алкагында жүрүүдө.

“Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар үч саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын неигизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону тамак берүү каралган эмес. Балдар уктабайт. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана үч сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп балага тарбия бере алат”, - деп жазылган долбоордун түшүндүрмөсүндө.

Имараттарды жергиликтүү бийлик бөлүп берет. Аны капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, эмерек, килем жана башка керектүү буюмдар, оюнчуктар, дидактикалык жана методикалык материалдар долбоордун алкагында камсыздалат. Андан тышкары балдар аянтчалары курулат жана майыптыгы бар балдар үчүн шарт түзүлөт.

Кыска мөөнөттүү 560 бала бакчага 3-5 жаштагы 20-40 миңге чейин баланы тартуу пландалып жатат.

Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте жана башка чоң шаарларда бала бакча жетишсиздиги курч көйгөйлөрдүн бири. Расмий маалымат боюнча өлкөдөгү 1 млн 200 миң баланын 900 миңи бала бакчага барбайт.

XS
SM
MD
LG