Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:47

Баку Тоолуу Карабакта аскердик операцияларды улантуу ниетин билдирди


Жикчил Тоолуу Карабактын борбору Степанакерттеги жабыркаган имарат. 19-сентябрь, 2023-жыл.
Жикчил Тоолуу Карабактын борбору Степанакерттеги жабыркаган имарат. 19-сентябрь, 2023-жыл.

Эл аралык коомчулуктун ок атууну токтотуу чакырыктарына жана этностук армяндардын сүйлөшүү жүргүзүү сунушуна карабай, Азербайжан жикчил Тоолуу Карабакта аскердик операцияларды улантуу ниети бар экенин билдирди.

Азербайжандын Коргоо министрлиги 20-сентябрдын таңында тараткан билдирүүсүндө диверстанттарга каршы «антитеррордук операция» ийгиликтүү уланып жатканын билдирди.

Азери президентинин администрациясы тараткан билдирүүгө ылайык, Илхам Алиев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенге «антитеррордук операция Карабактагы күчтөр куралын таштаганда гана токтотуларын» телефондон айткан.

Блинкен Армения жана Азербайжандын президенттери менен 19-сентябрдын кечинде сүйлөшкөн. Ал Алиевди Тоолуу Карабактагы аскердик операцияларды дароо токтотууга жана диалогго кайтууга чакырган.

Ал эми Никол Пашинянга АКШ «толугу менен Армениянын аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыгын жана суверенитетин колдой турганын» айткан.

Евробиримдик, Орусия дагы Бакуну аскердик операцияны токтотууга чакырышты.

Эл аралык коомчулук Азербайжандыкы деп тааныган аймактагы соңку кырдаал боюнча БУУнун Коопсуздук кеңеши 21-сентябрда чукул жыйынга чогулат.

Маалыматтарга караганда, 19-сентябрда башталган аскердик аракеттерден отуздай адамдын өмүрү кыйылды, жүздөн ашуун киши жаракат алды. Арасында балдар дагы бар.

19-сентябрда Азербайжандын Коргоо министрлиги Тоолуу Карабакта «антитеррордук операция» баштаганын жарыялаган. Баку билдиргендей, буга 19-сентябрдын таңында алты азербайжандык жарандын минадан мүрт кеткени түрткү болду. Азербайжандын бийлиги окуяны "теракт" деп атап, аны Тоолуу Карабактын коргонуу армиясынан көргөн. Жикчил аймактын бийлиги бул дооматтарды четке каккан.

Ошондой эле мекеме аймактан армян аскерлери чыгарылганда гана тынчтык тууралуу сөз болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Армениянын Коргоо министрлиги Бакуга жооп кайтарып, Тоолуу Карабакта армян аскерлери жок экенин маалымдады.

XS
SM
MD
LG