Жогорку Кеңештин 20-сентябрдагы жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун кармалышынын жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышынын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлбөй калды.
Депутаттык комиссиянын түзүү жана курамын бекитүү боюнча добуш берүүдө катталган депутаттын 40ы “макул”, 11и “каршы” добуш берди. Төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев комиссия түзүү үчүн 46 добуш керек экенин айтып, сунуш өтпөй калганын билдирди.
“Альянс” фракциясынан Жанарбек Акаев, “Ишеним” фракциясынан Айсаракан Абдибаева, “Ыйман Нуру” фракциясынан Султанбай Айжигитов, “Ынтымак” фракциясынан Шарапаткан Мажитова, “Элдик” тобунан Жалолидин Нурбаев, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан Гуля Кожокулова жана бир мандаттуу округдан келген депутат Дастан Бекешев комиссия курамына сунушталган. Ал эми “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” тобу комиссия мүчөлүгүнө эч кимди көрсөткөн жок.
Комиссия түзүү демилгесин "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы көтөргөн.
ИИМ 2-сентябрда камакка алынган Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мамлекеттик чыккынчылык") менен айып коюлганын билдирген. Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын ошол эле күнү карап, 24-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камалган.
Адвокаттар буга каршы шаардык сотко даттанышкан. 13-сентябрда Бишкек шаардык соту анын бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырган.
Башкы прокуратура парламенттен 22-июнда Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга макулдук алган. Анда “бийликтен аша чабуу” деген берене менен айып коюлган. Башкы көзөмөл органынынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.
Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.
Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты “жомок” деп атаган. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп 2008-2009-жылы бир жыл иштеген. Ошол маалда Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Сөз болгон протоколго байланыштуу ал былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.
Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган. (TSh)