Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

Тоолуу Карабакта киши өмүрү кыйылганы кабарланууда


 Степанакерт (азербайжанча аталышы Ханкенди) шаарында дүрбөлөңгө түшүп качып бараткан тургундар.
Степанакерт (азербайжанча аталышы Ханкенди) шаарында дүрбөлөңгө түшүп качып бараткан тургундар.

Азербайжандын Тоолуу Карабактагы "антитеррордук операциясында" адам өмүрү кыйылганы кабарланууда. Би-Би-Си радиосу эл аралык коомчулук тааныбаган аймактын омбудсмени Гегам Степанянга шилтеме жасап, эки адам каза болгонун, анын бири бала экенин маалымдады.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян түз эфирге чыгып, Тоолуу Карабакта армян аскерлери жок экенин билдирди.

"Канчалык оор болсо да, биз кандайдыр бир тышкы жана ички күчтөрдүн армян мамлекеттүүлүгүнө коркунуч келтиришине мүмкүнчүлүк бербешибиз керек", - деди ал.

Meduza Пашинян Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакырганын жазды.

"Азаттыктын" армян кызматы Пашинян "Азербайжандын максаты Арменияны аскердик операцияга тартуу экенин" билдиргенин кабарлады.

Телеграм каналдар армян өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыккандар чогулганын көрсөтүп жатышат.

Азербайжандын өкмөтү Тоолуу Карабакта "антитеррордук операция" баштаганын 19-сентябрда жарыялаган. Коргоо министрлиги анын максаты "Конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү" экенин белгилеп, Тоолуу Карабактагы Армениянын куралдуу күчтөрүнүн турумдары, аскердик объектилер жок кылынганын билдирген.

Мунун алдында Хожавенд районунда курулуп жаткан туннелдин жолунда Ички иштер министрлигинин автоунаасы минага жарылып, күч кызматкерлери каза болгону кабарланган. Азербайжан тарап муну армян диверсанттык тобунан көргөн.

Баку Орусиянын бейпилдик күчтөрүнүн командачылыгына жана түрк-орус байкоочу борборунун жетекчилигине маалымат бергенин белгилеген. Бирок Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Азербайжандын бул маалыматын четке какканын "РИА Новости" жазды.

Еврокеңештин башчысы Шарль Мишель X социалдык түйүнүндөгү баракчасына азери армиясын ок атууну токтотууга чакырды.

Армениянын Коргоо министрлиги чек арада абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирди. Армян парламентинин айрым депутаттары Азербайжандын аракетин сындап чыгышты.

Эл аралык мыйзамдарда Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы болуп эсептелет. Ал жакта 100 миңдей армяндар отурукташкан.

XS
SM
MD
LG