Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

УКМК "инкарчы" тургун идеологиясынан баш тартканын билдирди


УКМК жарыялаган сүрөт.
УКМК жарыялаган сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын дагы бир мүчөсү аныкталганын 16-сентябрда билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте аталган агымдын облус аймагындагы мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу аракети көрүлдү.

14-сентябрда Таласта бул уюмдун 33 жаштагы тарапкери аныкталганы, “ал өзүнүн тандап алган диний багытынын катачылыгын түшүнүп, зыян экстремисттик идеялардан баш тартып, башкаларды мындай мыйзамсыз идеологияга алдырбоого чакырганы”, мындан тышкары дагы эки кишиге түшүндүрүү иши жүргүзүлгөнү маалымдалды.

Кыргызстанда күч органдары өлкөдө тыюу салынган “Йакын инкар” кыймылынын мүчөлөрү кармалганы боюнча кабарларды байма-бай жарыялашат. Бирок учурда жалпы канча киши бул кыймылдын мүчөсү экени жөнүндө маалымат жок.

Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун сайтындагы маалыматка таянсак, “Йакын инкар” диний агымы - "Таблиги жамаат" уюмунун ичинен бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Алар чачын бир аз өстүрүп, узун көйнөк кийип жүрөт. Заманбап жашоодон баш тартып, турмушун динге гана байлоого чакырышат. Диний агым Кыргызстанда 2017-жылы экстремисттик деп табылган.

XS
SM
MD
LG