Кыргыз-казак чек арасындагы кыргыз тараптагы “Ак-Тилек” жана казак тараптагы “Карасуу” өткөрмө бекеттеринде оор жүк ташуучу автомашиналардын топтолуусу катталганын бүгүн 15-сентябрда Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, саат 16:00гө карата “Ак-Тилектин” тушунда Кыргызстандан чыгууга кезекте 140 автоунаа турган. Ал эми Казакстан тараптан Кыргызстанга кирүүгө 40 автоунаа кезек күтүп турду.
“Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жүк ташуучу унаалардын топтолуусу күз мезгилинде жүк ташуунун агымы көбөйгөндүгүнө байланыштуу болууда. Айрыкча айыл чарба азык-түлүгүнүн Кыргызстандан башка өлкөлөргө экспорттолушу себеп болот. Транспорт каражаттарынын топтолуусу циклдик мүнөзгө ээ”, - деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.
Кыргыз тараптан да, казак тараптан да эч кандай чектөө жок экени, эки мамлекеттин өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатканы белгиленди.
Бир ай мурда кыргыз-казак чек арасындагы айрым өткөрмө бекеттеринде жүк ташуучулардын узун кезеги пайда болуп, маселе бир нече күн чечилбей турду. Кыргызстандан Казакстанга, андан ары Орусияга негизинен айыл чарба продукциясын ташышат. (RK)