Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:07

Bloomberg: Хантер Байден он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн


Жо жана Хантер Байден.
Жо жана Хантер Байден.

АКШ президентинин уулу Хантер Байдендин айыбы угузулду, ал мыйзамсыз курал сатып алууга айыпталууда. Делавер штатынын прокурорунун айтымында, тапанча сатып алган документтеринде Хантер Байден баңгизат колдонгону үчүн курал алып жүрүү укугунан ажыратылганын жашырып койгон.

Президент Байдендин 53 жаштагы уулуна "Colt Cobra тапанчасын (револьвер) жасалма документ менен сатып алуу", "жасалма документтер тууралуу маалыматты жана куралга лицензия алууда баңгизат колдоно турганын жашыруу" боюнча айып тагылды.

Bloomberg басылмасы Хантер Байден беш жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин жазды.

Кенже Байдендин авдокаттары коюлган айып боюнча комментарий бере элек. Буга чейин юристтер айып адилетсиз тагылганын айтышкан. Ак үй дагы президенттин уулу тууралуу маалыматтарга комментарий берген жок.

Президенттин уулу мындан сырткары салыкты жашырган деп да айыпталууда. Буга чейин ал курал сатып алуу иши боюнча айыпты жеңилдетүү үмүтү менен күнөөсүн мойнуна алган. Кийинчерээк салык боюнча айыптоолорду четке каккан.

Америкалык басылмалар кенже Байденге айыптар президент Жо Байденге импичмент жарыялоо боюнча республикачылардын иликтөөсүнүн фонунда жана анын баласынын Украинадагы "Бурисма" аттуу газ компаниясы менен байланышы талкууланып жаткан учурда коюлуп жатканын жазышты.

Азырынча республикачылар президенттин Хантер Байдендин ишине түздөн-түз тиешеси бар экенин далилдей элек. Бирок ал кээде анын кардарлары менен тамактанган же алар менен учурашкан учурлар болгону.

Хантер Байденге жаңы айыптар президенттик шайлоо өнөктүгүнүн фонунда коюлду, ага демократ Жо Байден да, АКШнын мурдагы президенти, республикачы Дональд Трамп да катышуу ниетин билдиришкен.

53 жаштагы Хантер Байден бир топ жылдан бери Трамптын жана анын республикачыл тарапташтарынын сынына кабылып келет. Ал 2014-жылдан 2019-жылга чейин Украинадагы "Бурисма" аттуу газ компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

"Бурисмага" иш козголуп, бирок мыйзам бузуу жок деген негизде жабылып калганы айтылган.

XS
SM
MD
LG