Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:04

Эстония менен Латвия орус номурлуу автоунаалардын киришине тыюу салды


Орусия менен Эстониянын ортосундагы чек ара бекетинде кезек күтүп турган автоунаалар. 18-сентябрь, 2022-жыл.
Орусия менен Эстониянын ортосундагы чек ара бекетинде кезек күтүп турган автоунаалар. 18-сентябрь, 2022-жыл.

Эстониянын бийлиги өлкө аймагына орус номурлуу автоунаалардын киришине тыюу салды. Ушундай эле чечимди 12-сентябрда Латвия менен Литва кабыл алган. Чечим 13-сентябрда күчүнө кирет. Орусия менен чектешкен Финляндия менен Польша азырынча мындай кадамга бара элек.

Мындай чечим Еврокомиссиянын сунушунан кийин кабыл алынды. Ага ылайык Евробиримдиктин аймагына Орусияда каттоодон өткөн менчик автоунаалардын кириши "мыйзамсыз импорт" деп саналат.

8-сентябрда Еврокомиссия Евробиримдиктин аймагына кире тургандар үчүн нускамаларды жаңылаган. Маалыматка караганда, орусиялыктарга булгарыдан жасалган буюм-тайымдарды, компьютерлерди жана башка электрондук каражаттарды, тазалык буюм-тайымдарын алып өтүүгө тыюу салынган.

Кийинчерээк жеке тазалык каражаттарын же кийим-кечени чек арачылар өткөрө берсе болору белгиленген.

XS
SM
MD
LG