Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Кыргызстан жети айда сыртка 7,4 тонна алтын экспорттоду


Кыргыз өкмөтүнүн колуна өткөн "Кумтөр Голд Компани" өндүргөн алтын. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз өкмөтүнүн колуна өткөн "Кумтөр Голд Компани" өндүргөн алтын. Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылдын январь-июлунда Кыргызстандан чет өлкөлөргө 7,4 тонна алтын экспорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети өлкөнүн жети айдагы тышкы соодасынын эсебин чыгарган бюллетенинде жарыялады.

Маалыматтарда айтылгандай, аталган көлөмдүн наркы 40,5 млрд сомду же 463,5 млн долларды түзгөн.

Алтындын дээрлик 6 тоннасы Швейцарияга, 1 тоннадайы Кытайга, жарым тоннадайы Бириккен Араб Эмираттарына жана калганы Түркияга сатылган.

Кыргыз өкмөтүнүн колуна өткөн "Кумтөр Голд Компани" жети-сегиз айда канча алтын өндүргөнү так айтыла элек. Алты айдын эсебинде бул кенде 5 тонна 499 килограмм алтын алынганы маалымдалган.

Кумтөрдүн алтынын негизинен Улуттук банк сатып алып, кайра сатат же эл аралык резервдер фондуна сактайт. Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев 18-июлда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде алар жыл башынан бери сыртка 3,97 тонна алтын сатканын билдирген.

Улуттук банктын 2021-жылы Кумтөрдөн өндүрүлгөн 19 тонна алтынды 1 миллиард доллардан ашык акчага сатканы, анын 700 миллиондой доллары акчанын курсун кармап туруу үчүн интервенцияга жумшалганы былтыр жайда белгилүү болгон. Бул жагдай тууралуу Жогорку Кеңеште сөз болуп, сын айтылган. Улуттук банктын өкүлдөрү чоң көлөмдөгү алтындын сатылышын валюталык рынокту жөнгө салуу үчүн нак акча керек болгону менен түшүндүргөн. Улуттук банкка 2023-жылдын 31-июлуна карата баасы 2,5 миллиард доллардан ашкан 49,8 тонна алтын сакталып турары расмий кабарланган.

Улуттук статистика комитетинин бюллетендеринен көрүнүп тургандай, Кыргызстан чет өлкөлөргө 2018-жылы 16,4 тонна, 2019-жылы 18,7 тонна, 2020-жылы 17,6 тонна, 2021-жылы 24,8 тонна жана 2022-жылы 290 килограмм алтын экспорттогон. (ErN)

XS
SM
MD
LG