Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

Депутат Түлөбаев “Аю” маселеси келечекте суроо жаратышы мүмкүн экенин билдирди


"Аю" ишканасында тартылган сүрөт.
"Аю" ишканасында тартылган сүрөт.

“Аю” компаниясынын тегерегиндеги окуялар суроо жаратышы мүмкүн деген пикирин “Азаттыкка” 5-июнда курган маегинде Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев билдирди.

Бийликтин коррупцияга каршы жарыялаган күрөшүнүн жүрүшү, ишкерлердин бизнеске кысым болуп жатканы тууралуу билдирүүлөрү жана “Аю” ишканасы боюнча суроолорго жооп берип жатып депутат төмөнкүлөрдү айтты:

“Мыйзам чегинде иштешибиз керек баарыбыз – өкмөт да, бизнес да. Эгер өкмөт мыйзам бузса, кийинкиде ошол кишилер азабын жейт. Эгер бизнес мурункуну да, алдыдагы нерселерди да туура жолдо барса, эч ким тийише албайт, башымдан өткөн нерсени айтсам. “Аю” боюнча эч нерсе дебей эле коёюн, эл билбеген көп сырлар бар, аны азыр айта албайм. Убакыт келет, айтабыз. Бир гана нерсени айтайын – толук мыйзам чегинде болгон жок, көбүнчөсү мыйзам чегинде, бирок толук эмес. Бул да суроо жаратышы мүмкүн. “Аюнун” расмий адамдары айтышты “мыйзам чегинде, өз көңүлүбүз менен өткөрүп бердик” деп, демек, ошолорго ишенип, урматташыбыз керек. Мен ал жакта иштебейм да, депутатмын”.

14-апрелде президент Садыр Жапаров спирт ичимдик чыгарган “Аю” ишканасы мамлекетке өтө турганын жарыялаган. Ал “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде буга компаниянын ири мыйзам бузууларга барып, мамлекетке чоң көлөмдө зыян келтиргени негиз болгонун айткан.

Ал эми экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Бул өз ыктыяры менен өткөрүп берилген иш. Эгер соттун чечими менен барып, кандайдыр манипуляция кылып алса, анда рейдерлик абал болмок. Ишкер өз ыктыяры менен өткөрүп берип жатат, буга мамлекеттин эч кандай кысымы болгон жок” деп билдирген.

Бул чечимден кийин өлкөдөгү жеке менчиктин корголушуна тынчсыздангандар болууда.

Балбак Түлөбаев 2013-2015-жылдары «Аю Холдинг» корпорациясынын президентинин кеңешчиси, 2015-2018-жылдары вице-президенти жана директорлор кеңешинин мүчөсү болуп иштеген. (RK)

XS
SM
MD
LG